Дональд Трамптын администрациясы Түндүк Корея быйыл майда ири киберчабуул уюштурган деген бүтүмгө келди.
Анда WannaCry аталышындагы вирус дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү оорукана, жогорку окуу жай жана ишканалардагы компьютерлерди бузган. Хакерлер жабырлануучулардан акча талап кылып, эгер көнүшпөсө базадагы бардык маалыматтарды жок кылабыз деп коркутушкан.
«Вирус миллиарддаган доллар чыгым алып келди жана фактылар бул Түндүк Кореянын күнөөсү экенин көрсөтүүдө», – деди президенттин жардамчысы Том Боссерт The Wall Street Journal гезитине берген маегинде. Анын айтымында, британ өкмөтү жана компьютердик коопсуздук тармагында иштеген жеке компаниялар дагы ушундай эле пикирде.
Вашингтон киберкылмыштуулук боюнча башка мамлекеттерди өтө сейрек айыптайт. Талдоочулар Трамптын администрациясынын бул акциясы Акүйдүн өнөктөш өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана жеке компаниялары менен биргеликте киберкаракчыларга каршы күрөштү күчөтүүгө бел байлаганын көрсөтүүдө дешүүдө.
Обаманын администрациясы 2014-жылы Ким Чен Ындын режимин түндүк кореялык лидерди өлтүрүү кутум жөнүндөгү The Interview комедиясын тарткан Sony Pictures киностудиясынын компьютерлерине киберчабуул жасоого айыптаган. Былтыр Түндүк Корея хакерлери Бангладештеги Борбордук банктан 80 миллиондон ашык доллар уурдап кетишкени маалымдалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ