Menu

Фото – Киевде демонстранттар менен полиция кагылышты

Бөлүшүү:

Кагылышуу президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоо чакырыгы менен 17-декабрда да Киевдин көчөлөрүнө бир нече миң адам чыккан учурда болду.

Киевдин борборундагы Көз карандысыздык аянты аркылуу жүрүш жасаган демонстранттар Украинанын Башкы прокурорунун кызматтан кетишин да талап кылышты.

Полиция Көз карандысыздык аянты жанындагы Октябрь сарайы концерттик үйүнүн сыртындагы тирешүүдөн алардын 32 кызматкери жаракат алганын билдирүүдө.

Демонстранттар бул имаратка азыр Украинада оппозиция лидерине айланган мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили өз кеңсесин ушул жерде жайгаштыра турганын айткан соң кирүүгө умтулушкан.

Бирок полициянын жана Улуттук гвардиянын күчтөрү буга тоскоолдук жасашты.

Полиция Октябрь сарайы концерттик үйүнүн сыртындагы кагылыш боюнча коомдук имаратты басып алуу аракети, укук коргоо кызматкерлерин коркутуу, алардын ишине тоскоолдук кылуу деген негизде кылмыш иши козголгонун да маалымдады.

Саакашвили болсо жекшемби күнкү кагылышууну “президент Порошенконун оюну жана чагымы” деп мүнөздөп, ал Октябрь сарайынан болгону эки гана бөлмөнү ижарага алууну көздөгөнүн белгиледи.

Буга чейин Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок сот 11-декабрда аны бошотуп, прокуратуранын өтүнүчүн колдогон эмес.

Украин бийлиги Саакашвилини “мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын былыктарын жашырган” деп айыптап жатат.

Михаил Саакашвили”Жаңы күчтөр кыймылы” менен октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: