Menu

Жалал-Абад: медициналык мекемелердин имараттары жаныланууга муктаж

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддагы мамлекеттик медициналык тейлөө мекемелеринин имараттарынын абалы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү тарабынан текшерилип, алардын авариялык абалда экени аныкталган. Бирок ага карабай эле ал жайларды калкты медициналык жактан тейлөө иши жүрүп келет. Мындай абал шаар мэриясы тарабынан ушу тапта жүрүп жаткан рейдде ачык болду. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, рейд учурунда медициналык мекемелердин имараттарынын абалы, ал жерде түзүлгөн жалпы шарттар, санитардык абал, тейлөөнүн сапаты, жалпы эле ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Текшерүү ишине шаардагы экотехинспекциянын, санитардык-эпидемиологиялык борборунун жана шаардык өзгөчө кырдаадар бөлүмүнүн адистери катышууда.

Айрым имараттардын абалы авариялык абалда экени текшерүү учурунда да даана көрүндү. Мисалы, шаардагы №1 Кеңеш берүү жана дартты аныктоо бөлүмүнүн имараты 1928-жылы курулуп, анда шаар тургундарын гана эмес, областтын башка да район-шаарларынан кайрылып келген бейтаптар да тейленет. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү имарат авариялык абалда деген чечим чыгарды.

-Мындан тышкары рейд учурунда, оорулууларды тейлөө, имараттагы түзүлгөн шарттар, калкка түшүндүрмө маалыматтардын илинүүсү да каралууда . Анткени элдин баары эле даарылануудагы жеңилдиктер тууралуу биле беришипейт. Текшерүүдөгү негизги максат бул тармактагы жаралган көйгөйлөрдү аныктоо менен калктын сапаттуу медициналык жардамдарын алуусуна шарт түзүү болуп саналат, – дейт Г. Базаркулова.

Ал эми областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин орун басары Катча Пратованын айтымында, шаарда жайгашкан айрым медициналык тейлөө жайларындагы имараттар маселесинде көйгөйлөр бар. Азыр областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору көйгөйлөрдү чечүү жолдорун кароодо. Алсак, ошол эле №1 Кеңеш берүү жана дартты аныктоо бөлүмүнүн имратын жаңылоо боюнча бийликтерге кайрылышкан.

-Андан тышкары, шаардагы эскилиги жеткен тез жардам кызматынын имаратын жаңылоо боюча чет элдик уюмдарга долбоор жазылып, азыр аталган жайдын имаратын жаңылоо иштери башталды, – дейт К.Пратова.

Эскерте кетсек, шаар аймагында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, аларда жалпы 300 медицина кызматкерлери эмгектенет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: