Бишкекте 16-17-сентябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитине келген Белорусиянын президенти Александр Лукашенкону Алмаз Атамбаев бекем кучактап, жаадырап-жайнап, өзгөчө тосуп алганын байкоочулар белгилешүүдө. Бул тууралу “Заноза” маалымат агенттиги Диля Юсупова аттуу автордун видеотасмасына таянып жазып чыкты.
Дегеле, Атамбаев эл аралык жолугушууларда Александр Лукашенко менен кучакташып, кол алышып, өбүшүп жүрөт да Бишкекке келгенде эле “Бакиевди Бишкекке кайтарбасаң сага бирди көрсөтөм” таризинде Лукашенконун атын атап, муштумун кезеп кыйкырып калат.
Ал эми төмөнкү БелТА агенствосунун видеотасмасынын 28-31-секундаларына көз салсаңыз Лукашенко менен Атамбаевдин жылуу ымдашып жатканын байкайсыздар.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: БелТА
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ