Menu

Эркин Тентишевдин чыныгы жүзү ашкереленеби?

Бөлүшүү:

“Азия Ньюс” гезитинин

башкы редактору

Асланбек Сартбаевге

Кайрылуу

 Урматтуу Асланбек Нурбекович?!

Сиздин дарегиңизге кайрылууга Ысык-Ата районундагы “Сеятель” айыл чарба өндүрүш кооперативинин мүлкүн сатуу менен байланышкан абал мажбур кылууда. “Сеятель” АЧК 1999-жылы “Заветы Ленина” деген мурдагы колхоздун базасында түзүлгөн. Жалпы жыйындын 2008-жылдын 26-мартындагы №1 “Сеятель” АЧКдан “Траст Азия” ЖЧКга негизги каражаттарды сатуу жана алуу аркылуу өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимине ылайык 40 адам санындагы кооперативдин мүчөлөрү чечим менен таанышып, “Траст Азия” ЖЧКнын жеке менчигине баардык негизги каражаттарды (“Сеятель” АЧКга бекитип берилген жер участок түрүндөгү кыймылсыз мүлк, мал-жандык, бодо мал, жылкы) сатуу жана алуу аркылуу өткөрүп берүүгө макулдугун беришкен. Мындан тышкары, “Сеятель” АЧКнын атынан чыккан анын төрагасы Н.Г.Сметанкин менен “Траст Азия” ЖЧКнын атынан чыккан анын башкы директору Бейшеке кызы Перизаттын ортосунда 2008-жылдан тартып 2018-жылга чейин 10 жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн, анын мазмунуна ылайык “Траст Азия” ЖЧК 10 жылдык мөөнөттө “Сеятель” АЧКнын базасында асыл тукум үрөнчүлүк чарба түзүүгө, бардык транспорттук-техникалык каражаттарды жаңысына алмаштырууга жана кооперативдин мүчөлөрүн жумуш орундары менен камсыздоого милдет алган. “Сеятель” АЧКнын уставына ылайык мындай маанилүү чечимди кабыл алуу үчүн “Сеятель” АЧКнын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес адамы катышууга милдеттүү болчу. Чечим кабыл алынган учурда “Сеятель” АЧКнын пайщиктеринин тизмеси 1984 адамды түзгөн, башкача айтканда, чогулушка 1322 адамдан кем эмес сандагы кооперативдин мүчөлөрү катышуусу зарыл болчу. Сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн учурдан тартып 7 айдын ичинде “Траст Азия” ЖЧК 2008-жылдын апрелинен тартып октябрына чейин Мамкаттоо органдары аркылуу “Сеятель” АЧКга таандык болгон баардык кыймылсыз мүлктү, ошондой эле мал-жандыкты өзүнүн атына каттатып, тиешелүү укук ырастоочу документтерди алган, мында “Сеятель” АЧКнын кассасына бир да тыйын түшкөн эмес. Андан бери 8 жылга чукул убакыт өттү, тилекке каршы, “Траст Азия” ЖЧК өзүнүн убадасын аткарган жок. Мындан тышкары, “Сеятель” АЧКнын администрациясы “Траст Азия” ЖЧК менен биригип баардык кыймылсыз мүлк объекттеринин, транспорттук-техникалык каражаттардын жана мал-жандыктын (бодо мал, жылкы) баланстык наркын жасалма түрдө төмөндөтүп, “Сеятель” АЧКнын жана “Траст Азия” ЖЧКнын жетекчилеринин жеке кызыкчылыктарын гана көздөшкөн. Мисалы, 8,3 миллион сомду түзгөн МТФнын жана тоют цехинин баланстык наркы 6,6 миллион сомго чейин төмөндөтүлгөн, айырма – 1,7 миллион сомду түзүүдө. Баланстык наркы 3,5 миллион сомду түзгөн бастырмасы бар устакана 1,8 миллион сомго чейин төмөндөтүлгөн, айырма – 1,7 миллион сомду түзүүдө. Мындай фактылар өтө көп. Башкача айтканда, “Сеятель” АЧКнын жана анын пайщиктеринин кызыкчылыгында материалдык баалуулуктарды рыноктук наркты эске алуу менен үч эсеге 105 млн. сомго чейин жогорулатуунун ордуна, мүлктүн наркы атайын кыянаттык менен төмөндөтүлгөн. “Сеятель” АЧКнын мүлкүн сатууга макулдугун берген пайщиктердин кол тамгалары администрация тарабынан эки жылдан ашык убакыт бою чогултулган, башкача айтканда, 2008-жылдын апрелинен 2010-жылдын аягына чейин. Бул өзү мыйзамсыз болуп эсептелет, анткени мүлктүн баары ал учурга карата сатылып кеткен болчу. Пайщиктердин кол тамгалары арткы число менен чогултулган. Ал эми пай түрүндө пайщиктерге төлөнүп берилүүчү акча каражат 50%дан төлөп берүү менен эки этапта көпкө чейин создуктуруп, белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилген. Бирок сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарына ылайык акча каражат келишим түзүлгөндөн кийин “Сеятель” АЧКнын кассасына дароо түшүп, тиешелүү түрдө пайщиктерге төлөнүп берилиши керек болчу. Жогоруда баяндалган абал келишим түзүлгөн учурга карата “Траст Азия” ЖЧКда эч кандай акча каражат болбогондугун айгинелейт жана “Сеятель” АЧКнын администрациясы түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгаргандын ордуна аны менен кошо кылмышка барган. Ал эми “Траст Азия” ЖЧКдагы акча каражат кыймылсыз мүлктү коммерциялык максаттарда пайдалануудан кийин гана пайда болгон. Башкача айтканда, 2500 гектар айдап-себүү үчүн колдонулган автотранспорттук техника сатып жоготулган.

Азыркы учурда “Траст Азия” ЖЧК иштебейт, эч кандай ишкерчилик менен алектенбейт, башкы директор Бейшеке кызы Перизат ээлеген кызматынан бошотулган жана Ново-Покровка айылында турат. Ал шарттуу түрдө гана дайындалган адам экендиги айкын болууда. Эч кандай асыл тукум-үрөнчүлүк чарбасы ачылган жок. “Сеятель” АЧКнын балансында сатыктан өтпөй калган мүлк гана калды. Ал эми “Траст Азия” ЖЧКнын азыркы учурда эч кандай мүлкү жок, анын ичинде кыймылсыз дагы, кыймылдуу дагы, транспорт каражаттары да жок. Ошондой эле пайщиктер дагы жумуш орундары менен камсыз болгон эмес. Мында “Сеятель” АЧКнын жана “Траст Азия” ЖЧКнын жооптуу адамдарынын бири да атайын келтирилген зыян жана мүлктү мыйзамсыз саткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган эмес. Иш жүзүндө “Траст Азия” ЖЧКнын чыныгы ээлери Тентишев Эркин Саткынбаевич, Тентишев Эрик Саткынбаевич жана Суеркулов Жээнбек Эсенбаевич “Сеятель” АЧКнын бүткүл мүлкүн өздөрүнүн колуна өткөрүп алып, ортодон бөлүшүп, өз билгендей пайдаланышкандыгычы? Мунун баарына “Сеятель” АЧКнын жетекчилиги, атап айтканда, АЧКнын төрагасы Н.Г.Сметанкин күбө болуп туруп, эч кандай чара көргөн эмес, ал азыркы күнгө чейин “Сеятель” АЧКнын төрагасы болуп иштеп келүүдө.

Баяндалгандардын негизинде төмөнкү суроолорго жооп алыш үчүн жогоруда келтирилген фактылар боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүүңүздөрдү суранам:

  • эмне үчүн жана эмне максат менен 7 айдын ичинде (2008-жылдын апрелинен октябрына чейин) шашылыш түрдө “Сеятель” АЧКга таандык болгон бүткүл мүлк, автотранспорттук жана техникалык каражаттар, мал-жандык сатып өткөрүлгөн? Мында келишимдин шарттары одоно бузулган, анткени сатуудан түшкөн акча көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төлөнүп берилген эмес.
  • эмненин негизинде жана эмне максат менен “Сеятель” АЧКнын администрациясы жана “Траст Азия” ЖЧКнын жетекчилиги сатыла турган мүлктүн, атап айтканда, “Сеятель” АЧКнын негизги жана айландыруу каражаттарынын баланстык наркын төмөндөтүшкөн?
  • асыл тукум-үрөнчүлүк чарба түзүү жөнүндө “Сеятель” АЧК менен “Траст Азия” ЖЧКнын ортосундагы келишимдин жыйынтыгы чыктыбы?
  • “Траст Азия” ЖЧК алган негизги жана айландыруу каражаттары кайсы жерге жана кимге сатылган?
  • “Траст Азия” ЖЧК азыркы учурда барбы, болсо эмне иштерди аткарат, асыл тукум-үрөнчүлүк чарбасын түзүү жөнүндө келишим боюнча өзүнүн милдеттенмесин аткарабы?

Сиздерге – кадыр-барктуу жалпыга маалымдоо каражатына кайрылууга мажбур болуудамын. Анткени “Сеятель” АЧКнын жана “Траст Азия” ЖЧКнын мыйзамсыз иштери боюнча чара көрүү тууралуу укук коргоо органдарына берилген менин кайрылууларымдын жыйынтыгы чыккан жок. Күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароодо укук коргоо органдарынын кызыкчылыгы бардай сезилет.

Урматтоо менен,

Медербек БЕЙШЕКЕЕВ,

Тел.: 0 559 65-56-28

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: