Menu

“Азия Ньюс”: Саясый күлкү

Бөлүшүү:

Менде бар

Нурланбек Макеев уктап атса эшиктин коңгуроосу шыңгырайт. Ачса өйдөкү кабатта жашаган кошунасы туруптур.

— Кечирип коюңуз, сизде беденин  уругу жок беле?

— Этаж  үйдө кайдагы беде урук?! – дейт Нурлан  жини келип. — Саатты карабайсыңбы, түнкү саат үчтө ойготуп атасың кишини.

Кошунасы кечирим сурайт да кетип калат. Арадан он мүнөттөй өтүп, Нукең жаңы эле жатайын деп атканда эшиктин коңгуроосу кайрадан шыңгырайт. Ачса кайра эле жанагы кошунасы туруптур.

— Мына беде урук, – дейт колундагы кичинекей түйүнчөктү сунуп. — Каалашыңызча иштете бериңиз.

Көлөмдүн кесепети

Мыктыбек Абдылдаевден  анекдот.

Пил менен кумурска түн бир оокумда чалгынга баратышат. Аңгыча мунара жактан прожектордун жарыгы “жарк” эте түшөт.

— Мындан быягына сен жалгыз бар, – дейт кумурска.

— Эмнеге? – дейт пил таңкалып.

— Мени байкап калышты.

Бош турганча

Темир Сариев Санкт-Петербургга  барып, музейге кирет.

— Ай, байке, бул эмне кылганыңыз? – дейт музейдин кызматкери ал тактыга отуруп алганын көрүп. – Бул деген Петр Iдин тактысы да.

— Петр Iдики болсо эмне экен? – дейт анда Темикең камырабай. — Келсе бошотуп берем да.

Кечиккен чара

Акин Токталиевден анекдот.

Залда сот процесси жүрүп атат:

— Гражданин Кермалиев, – дейт судья айыпталуучуга кайрылып. — Сиз аялыңыз менен алтымыш жыл чогуу жашаптырсыз, анан өлтүрүп салыптырсыз. Муну кандай түшүнсө болот?

— Эчак эле өлтүрмөкмүн. Эртең өлтүрөм, бүрсүгүнү өлтүрөм деп отуруп, кырк жыл  өтүп кетти да.

Турмуш геометриясы

Жеңиш Акматов мончодо жуунуп атса жанына бир бейтааныш киши басып келип:

— Дос, мобу менен жонума квадрат чийип берчи, – дейт колундагы фломастерди сунуп.

Жекең  шашпай чийе баштайт.

— Чийдим.

— Эми ар бир квадраттын ичине сандарды жазып чык.

— Жаздым.

— Мобул менин сөөмөйүм турган жер канчанчы квадрат экен?

— Жетинчи.

— Ошол квадратты тырмап берчи, байболгур.

Ошол да проблемабы?

Руслан Казакбаев  Акүйдөн чыгып, машинесине отурат.

— Руслан Айтбаевич! – дейт шоопуру анын маанайы көтөрүңкү экенин байкап.

— Эмне дейсиң?

— Мен башка шоопурлар менен сүйлөштүм да…

— Анан?

— Алар “жыйырма миңден айлык алабыз” дейт. Меники болсо он эле миң…

— Сен деле жыйырма миң алам деп айтып кой да.

Карылыктын белгиси

Кемелбек Ашыралиевден анекдот.

Эки абышка  кобурашып отурушат:

— Өткөн жумада кемпирим экөбүз ресторанга бардык, – дейт бири. — Тамагы аябай сонун экен.

— Кайсы ресторанга?

— Атың өчкүр… Эмне эле… унутуп калбадымбы. Жакшы көргөн адамыңа берчү гүлдүн аты эмне эле?

— Жоогазынбы?

— Жок.

— Георгинби?

— Жок.

— Розабы?

— Ии, роза.

Анан ашкана жакты карап, кыйкырат:

— Роза, бая күнү биз барган ресторандын аты эмне эле?..

Кыйын суроо

Рада Туманбаевадан анекдот.

Эки жаш ЗАГСка келишет экен.

— Күйөө жигит, сиз Өмүрбекова Нурзияны аялдыкка алууга макулсузбу? Ай, колукту, сиз шыбырап, подсказка кылбаңыз.

Арзан оору керек

Бабырбек Жээнбековдон анекдот.

Бир киши бейтапканага келет.

— Жүрөгүңүз жакшы эмес окшойт, текшерүүдөн өтүшүңүз керек, – дейт врач.

— Доктор, мага башка диагноз коюңузчу. Жүрөкө акча аябай эле көп кетет.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: