Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Президенттик шайлоонун астында Конституцияны өзгөртүп, СДПК өзүнүн саясый үстөмдүгүн сактап калууну максаттоодо”

Бөлүшүү:

— Алмамбет мырза, президенттин майрам күнү сүйлөгөн сөзү көп сыр ачылбай калганынан кабар берди окшойт. Бир кезде өзүнө санаалаш болуп жүргөн Отунбаева, Текебаевдерди жерден алып көргө салгандай эле болду го. Кептин бир бурчуна сизди да кыстарып кетти окшойт. Тамекиге менден акча сурап жүргөндөр азыр килейген джип машиналарды минип жүрөт деп.

— Биринчиден андай болгон эмес. Экинчиден ал жерде көп сөз айтылды. Ага эл өзү тараза. Менин атым кошо айтылып калгандыктан, өзүмдү актабай эле коёюн, аны эл өзү таразалап алат.

— Ар бир иштин артында кандайдыр бир кызыкчылык болот да. Конституцияны өзгөртүүнүн артында кандай кызыкчылык турат?

— Баш мыйзамды өзгөртүүнүн артында чоң саясый максат бар. Биринчи кезекте президенттик шайлоонун астында Конституцияны өзгөртүп, азыркы эки чылбыр бир тизгинди колуна кармап, баардыгын көзөмөлдөп турган СДПК өзүнүн саясый үстөмдүгүн сактап калууну максаттоодо. Өзгөртүүнүн сүрөөчүлөрү удургутуп эле “бул жөн эле сөз, андай деле эмес, тескерисинче демократияга багытталган реформа. Азыркы баш мыйзамдагы миналарды алып салып жатабыз” деп айтышууда. Бирок бул жерде мина алынганы менен, кайра бомбалар салынып жатат.

— Кандай бомбалар?

— Азыр Конституцияга сотторду президент ротация кылат деген норма кирип жатат. Ушунун өзү бешиктеги балага деле түшүнүктүү. Ротация деген сотторду жазалоо дегенди билдирет. Ротация жолу менен соттордун көз карандысыздыгын жок кылат. Башкаруучу саясий группанын тилин албаган соттор алыскы аймактарга айдалып кетет. Экинчи, Конституциялык соттун чечими күчүнө кирээрден мурун 3 ай талкууда болот. Үч айдан кийин алдын ала чыгарган чечимден улам добуш берилет. Эгерде чечим башкаруучу саясый топтун кызыкчылыгына каршы келген чечим болсо үч айдын ичинде сотту коркутуп болсо да башка нукка киргизип жибербейби. Демек Конституциялык палата дагы өзүнүн классикалык функциясын жоготуп жатат. Мындан сырткары башкы прокуратура кызматтык абалдан пайдаланган коррупция боюнча кылмыш иштерин тергөөнү өкмөткө берүүдө. Эгер мындай болсо өкмөт парламентти толук көзөмөлдөп калат. Бизде баш мыйзам боюнча парламент аркылуу коомчулук өкмөттү көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан баш мыйзамды өзгөртсөк парламент” Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” партиясынын эле кебетесин кийип калат.Чөнтөк парламентке айланат.

— Сиз Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Венеция комиссиясына кат жазып кайрылдыңыз. Бир жыл мурун эле Текебаев, Кулов, Турсунбековдор Конституцияны өзгөртүш керек дегенде эмне үчүн ал комиссияга кайрылбагансыз? Лидериңиздин шагын сындырып алуудан коркконсузбу?

— Анда мен Адилет министри болуп иштеп жаткам. Бул тууралуу Венециянын сотуна ошол убактагы депутат Наталья Никитенко кайрылгандан кийин атайын жыйынтык “туура эмес болуп калат” деген жооп келген. Ошондон соң президент баш болуп мыйзамдан баш тартып жатышпайбы. Туура айтасыз, мен атайын Венецияга кайрылгам. Алардан “эгерде бул Конституцияны өзгөртсөңөр, бийлик бутактарындагы баланс бузулат. Бул жерде президент менен өкмөт күчтүү болуп парламенттин укугу тепселенип, Сот бийлиги көз каранды болуп калууда” деген жооп келди. Демек, биз айтканды алар тастыктап коюуда. Башкача айтканда сот аткаруу бийлиги менен президенттин көзөмөлүндө болуп, көз карандысыздыгы жоголот. Парламент чыныгы чөнтөк парламентке айланат.

— “Ата-Мекен” фракциясы жалгыз гана референдум өткөрүүгө карамандай каршы болуп турасыздар. Бирок, азыркы Конституцияда 2020-жылга чейин референдум өтпөсүн деген норма каралган эмес да. Силер саясий амбициянын тирешин уюштуруп жаткан жоксуздарбы?

— Ал жерде “2020-жылга чейин депутаттардын Конституцияны референдум жолу менен өзгөртүүгө сунуш киргизгенге тыюу салынат” деп жазылып турат. Бирок референдумду өзгөртүүгө элге гана уруксат берилген. Элдин укугун чектөөгө мүмкүн эмес. Бирок азыр бул сунушту депутаттар 4 фракциянын лидери өздөрү киргизип жатышат. Эгер референдумду эл киргизсе 300 000 адамдын демилгеси керек болот эле. Андай болгон жок, анча добуш топтоо дагы абдан кыйын. Демек, бул мыйзамды эл көтөрүп чыгышы керек болчу.

— Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу тууралуу БУУнун чечими келгенден кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси башталды. Сиз адам укуктарына байланышкан өзгөрүүлөрдү көрө алдыңызбы?

— Ал 41-берене деген бул шылтоо. Азимжан Аскаров бүгүн бар, эртең жок адам. Бирок кыргыздын жарандарына кызмат кылбай турган сатылган соттор бар деп жатабыз. Мисалы Дайырбек Орунбековду эртең Жогорку сот соттоп жиберсин. Дал ушул берене менен Дайырбек Эл аралык коомчулукка көтөрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алмак. Ал эми 41-беренени мисал кылышып, башкы көз карандысыздыкты жоготтук деп жатышат. Бул деген карандай калп. 41- берене биздин Эл аралык деңгээлдеги адам укугун бузбайбыз деген милдеттерибиз. Ушул берене менен алар чечимин бизге таңуулай албайт. Эл аралык уюмдун кеңеш берүүчү чечиминен Конституция жогору турат. Аскаров эркиндикке чыккан жок, чыкпайт дагы. Болгону сот алардын жактоочуларын угуп, берген далилдерин кароо максатында эле кылды. Кайра эле сот өзү чыгарат да чечимди. Эл аралык БУУнун ал бөлүмү бизге кеңеш гана айта алат.

— Жарыяланган долбоордо баштагыдан бир топ эле өзгөрүүлөр киргизилиптир. Сиз дагы кандай негиздерине каршысыз?

— Башында берген долбоорлордун көбүн алып коюшуптур. Бирок сотторду ротациялоо, Конституциялык палата 3 айдан кийин чечимди чыгарат, Кызмат абалындагы адамдардын жоопкерчилигин прокуратура эмес Өкмөт көзөмөлдөйт деп жатпайбы. Эң коркунучтуусу бизде башкы прокуратура ачык-айкын структура. Анткени жарандык коом, адамдар, мамлекеттик органдар ал жерге кире алат. Алар менен журналисттер дагы сүйлөшө аласыздар. Алар коомго ачык, ошондой салт түзүлүп калган структура. Кызматтык иштер боюнча УКМК тергеп калса ал жабык аймак. Ал жакка журналисттер силер, коомчулук дагы кире албайт. Тээ 17-жылдардан бери УКМКны жабык орган кылып койгон. Сталин репрессияны УКМК аркылуу жасаган. Аны күчтөнтүү, кыңк эткендин баарын шурудай тизип жазалоо болуп калат. Ошондуктан мунун баары авторитаризмге бара жаткан илинчектер десек болот.

— Сиз Россия тараптан ГЭСтин курулушу үчүн келген 37 млн доллардын кандай сарпталганы тууралуу иликтеген комиссияда болуп, көп нерсени алып чыкчудай болдуңуз эле. Ал акчалар кайда жумшалган, кимдердин колунан өткөн? Же ал каражат дагы кумга сиңгендей жок болуп дарексиз жок болуп кете береби?

— Ал 37 млн доллар эки-үч эсе кымбат эсептелген нерсе. Ал Россия менен Кыргызстан тараптын атуулдары кирип директорлор кеңеши болуп калган. Эки тараптын тең бирдей шалаакылыгы, коррупциялык иштерге жол бергени үчүн ошончо акча уурдалган.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: