Menu

Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты: “Ишкер иммигранттарга уруксаат берүүнүн акысын кайра карап чыгуу керек”

Бөлүшүү:

“2006-жылдын 31-октябрында кабыл алынган Өкмөттүн № 754- токтому чет элдик жумушчу күчтөрүнө каралган квотанын негизинде уруксаат берүүнүн жол-жоболорун тактайт”,- деди бүгүн, 21-сентябрда депутат Зиядин Жамалдинов, “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Бирок, ошол токтомдогу уруксаат  алуунун акысы 2 миң сом деп көрсөтүлгөн боюнча инфиляцияга карабастан, эч бир өзгөрүүсүз кала берген. Ошондуктан, чет элдик жарандар Кыргызстанга келип ишкердик кылам деп  суранса, уруксаат алуунун акысын 20 миңден 50 миңге чейин жогорулатуу зарыл деп демилгелеп жаткандыгын айтат депутат. Былтыр, 2015-жылы чет элдик иммигранттарга 14 490 квота берилгендигин тактаган эл өкүлү мындай каражат булагы менен бюджетке бери жагы 50 млн. сом түшөөрүн эсептеген. “Себеби, Дордойдо, Кара-Суудагы базарда иштеген жеке кытай жарандары аз дегенде уруксаат алыш үчүн 20 миң сомдон кем акча төлөшпөйт. Муну кылдат карап көрүш керек”,- дейт З. Жамалдинов.

Он жылдан бери  ошол Ф.Кулов өкмөттү жетектеп турган мезгилде кабыл алынган токтом эмнеге жаңыртылбай келди?- деп суроо койгон депутат бул жагдайды иликтөө зарылчылыгын белгилейт. Мисалы, кытайлык же түркиялык ишкерлер жергибизге келип завод ача турган болсо, андагы иштей турган адистерди чет өлкөдөн ала келсе, анда алардын ар бири үчүн жылына жок дегенде 50 миң сом төлөөгө милдеттүү болуш керек,- деген сунуш менен чыгып жаткандыгын да кошумчалады депутат. Бул юридикалык тараптарга тиешелүү. Ал эми жеке чет элдик жарандар Кыргызстанда ишкердик кылуу ниетин билдиришсе анда алар  жылына уруксаат алуу үчүн 20 миң сом эмес, 60 миң сом төлөөгө тийиш,- деп сунуштай тургандыгын да маалымдады парламентарий.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: