Menu

Сот Кыргызстанда мыйзамсыз наабайчы болуп иштеп жүргөн өзбек жаранын чек арадан чыгарууну милдеттендирген чечим чыгарды

Бөлүшүү:

2016-жылдын 6-май күнү Кара-Суу шаарынын базарында набайчылык кылып иштеп жүргөн жеринен Кыргыз Республикасынын МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Кара-Суу бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү тарабынан 1976-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын тургуну Каримов З.З. кармалган. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Каримов З.З., Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын тургуну, билими  орто, Өзбекстан Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-ст. 2-б. (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибин бузуусу, ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса) менен укук бузуучу деп кармалган.

Буга чейин да З. Каримовго 2016-жылдын 24-февралында Кара-Суу РИИБнын жетекчисинин орун басары тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-ст. 1-б. менен укук бузуучу деп табылып, 100 эсептик көрсөткүчтө (10 000 сом) айып төлөм салынып, мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Кара-Суу райондук сотунун 2016-жылдын 6-майдагы токтому менен  З. Каримов Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-ст. 2-б. менен укук бузуучу деп табылып,  З. Каримовду  Кыргыз Республикасынын чек арасынан чыгарылуусу милдеттендирилген.

Жогоруда аталган иш 2016-жылдын 15-сентябрында Ош областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясында каралып, Кара-Суу райондук сотунун 2016-жылдын 6-майындагы  Каримов З. жөнүндөгү токтомун өзгөртүүсүз калтырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: