“2010-жылы 7-апрелде “Ала-Тоо” аянтында эл кырылып жатканда Алмаз Атамбаев үйүндө душка түшүп, тамактанып олтурган. Чакырганынан мен, Өмүрбек Бабанов жана Мелис Турганбаев үчөөбүз 7-апрелдин кечинде Атамбаевдин үйүнө барсак, мага “Өмүке, сага КГБны берейинби же МВДныбы?” дейт. Мен ачуум келип, “сен эмне мага кызмат бергидей президент болуп калдыңбы? Андан көрө Убактылуу өкмөттү тез жыйнап чара көргүлө, Бакиевдер азыр согушат, мародерлук башталат” дедим”, – деп билдирди ИИМдин экс-министри, генерал Өмүрбек Суваналиев.
2013 -жылдын 28-сентябрда бийликти узурпациялоого Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын уюштуруучулары Нарын шаарында облусттун коомдук жана партиялык активисттери менен жолугушкан. Анда Нарын облусунун Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан келген 137 активист “Аяна” салтанат өргөсүнүн залына жык толуп, Кыймылдын уюштуруучулары Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана Кубат Кожоналиев КККнын максаттары жана милдеттери, дегеле Кыргызстандагы ошол кездеги саясый ситуация боюнча кеңири түшүндүрмө беришкен.
“Бийлик узурпацияланып башталды, азыр токтотпосок кийин кеч болуп калат. Өлкөдө кайрадан авторитардык президенттик система орноп калат” деп эскертишкен КККнын мүчөлөрү.
Видео “bulbul.kg” сайтынан алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ