Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди жакшы эле тепкилеп, төпөштөдүк. Ал киши да сынды туура кабыл алып, чычалабай маселени чечип жатты. Айланасындагылар жана бийлик бу кишинин жөнөкөйлүгүн баалашат экен. Ошондой эле Батыралиевдин бир артыкчылыгы коомчулук менен дайыма байланышта болгондугу. Анын ватсап номери күнү-түнү иштейт. Кимде ким медиктерге нааразы болсо же коррупциялык жагдайга туш келип калса байланышка чыкса болот. Манчыркабаган, адамкерчиликтүү инсан экен. Сиздерден жөн эле акча талап кылган же орой мамиле жасаган, мыйзамга туура келбеген иш кылган медиктер тууралуу кабарласаңыздар болот. Өткөндө биздин гезит (ред. “Ачык саясат”) курортология институтунун директорун алмаштырып салды деп нааразы болгонбуз, көрсө курортологиянын жетекчилигин алмаштыруу премьер-министрдин милдетине кирет экен.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ