Menu

Кудай урган “временшиктердин” кыянаттыгы же Атамбаевдин кимге айланып бараткандыгы жөнүндө

Бөлүшүү:

Бизди АШАдай оргу-баргы, кирди-чыкты, жөндүү сөздөргө, көзүнө сайылчудай көрүнүп турган фактыларга да моюн сунбастан, өзүнүкүн гана туура дей берген, өзбектердин сылык сөзү менен айтканда, “өтө эле кызык” адамдын ушунча жыл чоң саясаттын төрүндө болуп, экинчи төңкөрүштүн аркасы менен алты жыл өлкөнү да башкарганы таң калтырат.

Адатта өзбектер “айбан кыз” дегилери келишсе, “палван кыз” деп коюшат. Мына ушундай “палвандын” мамлекет башчысына чейин жетүүсү – биздин демократия дегенибиз жөн эле эч нерсеге жарабаган оюн экендиги, саясый системабызда аябагандай чоң кемчиликтер бар экендигин көрсөттү. Алар нормалдуу болсо ушундай – фактыларга, ынанымдуу сөздөргө таптакыр көңүл бурбаган, ынтымак, биримдик, калыстык, чындык жөнүндө айткан менен иш жүзүндө теңирден тескери иш кылган, харизмалык же чечендик сапаты менен эмес, дайыма сөйрүк сөздөрү менен айырмаланган адам кантип мамлекет башчысына чейин келип калат? Цивилдүү өлкөлөрдө АШАдай жоруктары, сөздөрү менен айырмалангандарды райондук деңгээлдеги кызматқа да жолотушмак эмес.

АШАнын мамлекет башчылыгына келип, кыргызга кылымдык кыянаттыктарды кылып кетүүсүнө бири алдынын азабын тартып, анысы дүүлүккөндө эмне кылгандыгын да билбей алдастап кетсе, экинчисинин башында АШАныкындай мандеми бар, үчүнчүсү чөнтөгүн толтуруу үчүн кандай иштерге болсо даяр турган, төртүнчүсү мародёрлук жагынан атагы чыккан, калгандары да ушундай “оригиналдуу” жактары менен өзгөчөлөнгөн “временшиктердин” чоң салым кошкондору шексиз. Алар АШАны көтөрмөлөшкөндө элди, мамлекетти таптакыр ойлошкон эмес, аны менен соодалашып, алчуларын алгандарына гана ыраазы болушкан. Эми эл, мамлекет алардын протежесинен ал отставкага кеткенден кийин да кутула албай кыйналып жатат.

АША мурда үчүнчү төңкөрүш жасап, азыркы бийликти кетирип, С.Исаковдой балашкаларын коёрун айтып, мамлекеттик органдарды винтовкалар, тапанчалар менен коркутуп, аны кармаганы келишкендер менен атышарын, өлүмдөн таптакыр корпостугун айтып келсе, эми “мыйзамсыз бийликти тааныбайм, алар укуктук тилкеге киришмейинче, суракка чакырышса да барбайм, алардын өкүлдөрү эшигиме келишсе, үйүмө да киргизбейм, укук коргоо органдарында мыйзамдуулуктун, укуктун жыты да жок, алар өздөрүнчө ойноп жатышат, мен андай оюндарга кошулбайм”- дегенге өттү. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, булар акыл-эстүү адамдын оозунан чыкчу сөздөр эмес, дарты өтүшүп кеткен адамдын жөөлүгөндөрүнө, Телибайдын оюна эмне келсе, ошолорду айткан сандырактарына окшош. Ал жөнүндө серепчилер, журналисттер түгүл, саясат менен иштери жоктор да айта, жаза берип жадашты. Андай сөздөрдү канчалык көп айткан сайын АІІІА өңүнө чыгып, ырдагысы, бийлегиси келип, колдорун ушалап, ырахаттануусу артууда. Мындан ары анын андай иштери күчөй тургандыгы айкын болууда. Албетте, тийиштүү органдар унчукпай карап отура беришсе, ал мындан да башка кадамдарга барат, мамлекеттик органдар гана эмес, Кыргызстанды да легитимдүү эмес деп чыгышы, өлкөгө Чым-Коргондогу бир мекемедегидей тартипти киргизгенге аракет кылышы да ыктымал…

Арина Рысбаева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: