17-апрелде Түркиядан учуп келген 211 мекендешибиздин арасынан коронавирус илдети бар жарандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде өкмөттө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Түркиядан келген жүргүнчүлөр баардыгы текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын арасында лаборатория тарабынан тастыкталган учурлар болгон. Вирустун белгилери табылган адамдар ооруканага жаткырылды. Ал эми калгандарынын анализдеринин жыйынттыгы терс чыккандан кийин, 14 күнгө үй карантинине жөнөтүлдү. Аларды дарыгерлер барып текшерип турушат. Мындан тышкары мобилдик колдонмо аркылуу көзөмөлдө болуп турушат. 14 күндөн кийин алар кайрадан анализ тапшырышат”,- деди Үсөнбаев.
Эскерте кетсек, 17-апрелде Түркияда дарыланууга, иштөөгө жана окууга кеткен 211 кыргызстандык кайтып келишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ