Menu

Кыргызстанга кайтарылып берилген “Ленд Крузер” же текшерүүчүлөрдүн аз болгону, ким үчүн саз болду?

Бөлүшүү:

Эмнеликтен эл-аралык донорлор менен иштеген кээ-бир уюмдарыбыз саламаттыкты сактоо адисттеринин кийлигишүүсүн өтө жактырышпайт, андай аракеттерди бет-тырмачылык кылып, алдын ала коррупцияны көбөйтөт деп каңкуулашат.

Карапайым элди алдай турган заман да аяктап баратат

Саламаттыкты сактоо министрлигинде кийңки жылдары тажрыйбалуу менежерлердин иш башкаруусу астында, мурдагы болуп жаткан кемчиликтерге, коррупциялык таламай-тоноолорго олуттуу бөгөт коюлууда. Анын үстүнө жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбеков да коррупцияга катуу күрөш баштап, бул жумуштардын илгерилешине, коомубуздун коррупция илдетинен тазалануусуна мүмкүнчүлүк жаралууда.
Биз газетанын өткөн сандарында коорупционерлердин таламайында калган медицина тармагындагы бир катар обьектилеринин тизмесин берип, ал жерде болуп жаткан манипуляциялардын бетин ачып берген элек, мына эми прокуратура жана башка укук коргоо органдары ал иштер менен алектенип, уурдалган коомдук менчик акырында элдин карамагына өтөт деген ишеним пайда болду.
Бүгүн биз медицина тармагындагы эл-аралык донорлук уюмадр (Глобалдык Фонд) менен иштеген айрым проектилердин жана компаниялырдын кемчиликтери тууралу сөз кылмакчыбыз.

Ландкрузерди ким өзүнө тартып алгысы келди?

Автомобиль Toyota Land Cruiser Prado X3 Глобалдык фондунун гранттык акча-каражатына Хоуп Долбоору(Проект Хоуп) аркылуу Кыргыстан үчүн сатылган болучу.
Бул гранттын иштери аяктаганда Страновой Координационный Комитеттин(СКК) чечими менен(14.07.2016) бардык жабдуулар, компьютерлер, техника Проект Хоуптун балансынан Кыргызстандын улуттук фтизиатрия борборунун мекемелерине өткөрүлүп берилиши керек эле.
Бирок Проект Хоуптун жетекчиси Артур Ниязов өтө кымбат баада сатылып алынган жаңы Toyota Land Cruiser Prado X3 өзүнө калтыруу үчүн абдан катуу аракеттенип СККнын мүчөлөрү менен кенешпей, Глобалдык фондунун портфолио менежеринин Улдис Миттенбергстин башын айландырып, өзүнүн карамагына бул машинаны калтырууга амал табат.
Кыргыз Республикасынын саламатыкты сактоо министрилигин адистери бул ишке катуу киришип Глобалдык фондунун жетекчилерине кат менен кайрылышканда гана, чындык ачыкка чыга баштады, Артур Ниязовдун оюндары билинип.
Натыйжада, март айынын башында СККнын жыйыны өтүп, ал жйында Артур Ниязов гранттык иштери бүткөн соң бир жарым жылдан бери катып жактан Toyota Land Cruiser Prado X3 Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына кайтарып берем деген убаданы берди.

Эмне үчүн маалыматтык база иштебей атат?

Ошондой эле 2014-жылынан тартып Глобалдык фонду менен иштеген Проект Хоуп кургак учук оорулар боюнча бирдиктүү маалыматтык электрондук базанын түзүп берүү максатында катуу ишке кирген эле, 2016-жылынын сентябрь айында бул иштердин аягына чыгышып, Кыргыз Республикасынын саламатыкты сактоо министрилигине бул базанын тапшыруу процедурасы формалдуу түрүндө өткөрүлгөн болучу, ал базанын ал убакта көптөгөн кемчиликтери, чала жасалып калган элементтери арбын болсо да, саламаттыкты сактоо министрликтин адисттери, жакшы мамилени сактоодо Проект Хоуптун жетекчилигинин бул иштерди, кемчилдиктерге убактылуу көздү жумуп кабыл алып койгула деген суранычына, ал катааларыныны баарын кыска мөөнөттө оңдоп беребиз деген жаңы уабадасына ишенип, макулдугун берген.
Тилекке каршы бүгүңкү күнгө чейин – эки жылдын аралыгында – 2016-2017 жылдары – бул кошумча иштер аягына чыкпай, маалыматтык база дале жакшы иштебей жатат.
Бул проблемаларды чечүү үчүн Улуттук фитизиатрия борбору тарабынан 2017-жылын декабрь айында эки жолу маалыматтык база тууралуу жыйындарды өткөргөн, эки жолу Проект Хоуп, ПРООНдун, Глобалдык фондунун жетекчилерине кайрылып, жумуштардын аягына чыгууга, кетирилген кемчиликтерди жойууга жардам сурап.
Маалыматтык база – 2016, 2017 жылдары – Хоуп Долбоору аркылуу Саламаттык сактоо жана фтизиатрия борбору тарабынан минималдуу кийлигишүүсүндө ишке ашыралган чоң суммадагы акча-каражаттар жумшалып.
Натыйжада баардыгын өзүбүз жасайбыз дегендер, силер бизге жолтоо болбогула деп, гранттык акчаларды каалагандай башкарып, жумшап, аягында ушинтип негизги иштер жакшы бүтпөй калбадыбы. Андан тышкары ПроектХоуптун жана ПРООНдун ортосунда кызыкчылыктардын конфликти пайда болгондугунан, жалпак тил менен айтканда, бул эки уюмда иштеген жакын туугандардын бар болушу (ПроектХоупта кызматташкан адисттин бири, ал эми ПРООНдо – анын аялы) маселени таталдандырып, чындыктын бетин ачууга, долбоордун ийгиликтүү аякташына кедерги болуп жатпайбы. Мындай нерселерден эл-аралык долборлор башына эле сак болушу керек эле, бирок текшерүү стандардартын төмөндөп кеткенине байланыштуу, мындай мыйзамдын одоно бузуларына жол ачылган. Албетте, эгерде башынан бул иштерге Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигини адисттери да көз салып турган болушканда Глобалдык фондунун адисттери менен тыгыз байлышта, мындай жана кемчиликтерге жол берилбейт эле.
Жакын арада Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоонун кызматчылары тарабынан ошол чала иштеп жактан маалыматтык базанын экспертизасы өткөрүүнү сунуштап жатат, эгерде мындай кадамдарга ар-тараптар барган болсо, бул иштердин чөө-жайы, көз-карандысых экперттер тарабынан ийне-жибине чейин такталып, эсептелип, текшерилип, эмне себептен маалыматтык база , ушунча ири суммадагы акча каражат ага жумшалган болсо да бүтпөй калганы, ким жана каерде каталарды кетиргенин жана аларды оңдоо үчүн эмне кылуу керектиги даана билинет. Андан соң, бул гранттык иштеринин оңолушуна, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү долбоордун, малыматтык базаныны сапаттуу иштегенине жол ачылат.
Ылайым, ошондой эле болсун. Биз баардыгыбыз акчаны канчалык жакшы көрбөйлү, бири бирибиздин иштерибизди текшерип, бири-бирибиз менен кызматташып, акырындык менен иш-аракеттер оңолот.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: