Menu

 Өмүрбек Бабанов: «Бул кара пиарга  крим чөйрөнүн өкүлдөрү, чоң суммадагы акча каражаты аралашып жатат»

Бөлүшүү:

Жакында  президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов  өзүнүн штабында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аптанын эс алуу күнү экенине карабай чогултуп атайын маалымат жыйынын өткөрдү. Бул жыйындын жүрүшүндө шайлоо өнөктүгүнө байланышкан төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

— Мына өзүңүздөр жакындан бери күбө болуп жаткандай бүгүнкү күндө мен тууралуу  ар тараптан кара пиарлар башталды. Казакстандын президенти Нурсултан Абишович менен жолукканымды, андан кийин түштүктөгү Он-Адыр айылында шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөздөрүмдү бурмалап, туура эмес маалыматтарды берип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты, менин тарапташым Канат Кедейкановичти кармап, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө байланыштырып күнөөлөп жатышат. Мамлекетибиз жаңы эле демократия жолунда баратканда мындай жагымсыз окуялардын болуп жаткандыгы абдан өкүнүчтүү.

— Сизге карата болгон кара пиарлардын  себеби эмнеде?

— Кайсыл жерге барбайын, эл мени жакшы кабыл алып жатат. Көз карандысыз сурамжылоонун негизинде 65% менен мен алдыда бара жаткам. Мыйзам бузуунун мага жана менин колдоочуларыма эмне кереги бар? Жеңишке жете турган талапкер мындай иштерди кыла албайт. Бул баягы эле каралоонун жолу болду. Бүгүнкү күндө бандиттер кайсы талапкерди колдоп жүргөндүгүн элдин баары билет.

— Канат Кедейкановичке байланыштуу видео тасмада сиз тууралуу да айтылып жатпайбы?

— Ал видео тасмада мага байланыштуу суроолор берилип жатат. Менин ага кандай тиешем бар? Канат  Кедейкановичтен тышкары мени колдогон саясатчылар, депутаттар, ишкер адамдар бар. Мен мамлекеттик төңкөрүш жасай турган ойдон да алысмын.  Канат Кедейканович абдан принципиалдуу адам. Ал Жогорку Кеңештин депутаты,  парламенттеги  “Кыргызстан” фракциясынын лидери.  Анын канчалык деңгээлде күнөөлүү экендигин бир гана сот чечет. Ошон үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып кетет элем. Келгиле, кара пиарды токтотолу. Бул ишти укук коргоо органдары аягына жеткиргенден кийин, сот гана жыйынтык чыгарат. Мунун баардыгы шайлоонун тегерегинде болуп жатат. Мен бардык кыргызстандыктарга айтып кетээр элем. Биз жеңишке бара жаткан жолду бузбайбыз. Кудай буюрса, Кыргызстандын тарыхында команда өзгөрүшү мүмкүн. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде команда өзгөрүп жатат. Кыргызстанга 15-октябрда жаңы команда келээрине ишенем.

— Сиз өзүңүз сотторго ишенесизби?

— Кыргызстандын соту аман эле болсун! Сот тармагын реформалоо менин программамда бар. Эми кылмышка шектелген адамды канчалык деңгээлде күнөөлүү  экендигин сот аныктайт экен да. Ошон үчүн Канатбек Кедейкановичке болгон каралоо саясий куугунтукпу, же чындап эле ал күнөөлүүбү   сот аныктайт.  Аны бандиттерге жолуккан деп каралаган видео тасманы даңазалап, мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүп жатышат. Билбейм, мен кимдерге жолукканын. Эгер алар криминалдык чөйрөнүн адамдары болсо, анда эмнеге аларды камашпайт? ! Мен ачык эле айтып коёюн, Канат Кедейкановичти жана башка саясий  колдоочуларымдын бирин да каржылабайм.

— Алмаз Шаршеновичти ар кандай кадамга түртүп жаткан кайсы күчтөр деп ойлойсуз?

— Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, саясий чөйрөгө аралашкан мамлекеттик кызматтагы жетекчилер деп ойлойм.  Алардан тышкары бул кара пиарга крим. чөйрөнүн өкүлдөрү, чоң суммадагы акча каражаты аралашып жатат. Буюрса 15-октябрда мамлекетибизде өзгөрүү болот. Учурда бизди ар кайсы жактан  “тиштегилеп”  жатышат. Бирок ошого карабай биз штабдын ишин мындан да күчтөнтөбүз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: