Menu

Иликтөө: Борбор Азияда Казакстан өз жанын кыюу боюнча биринчи орунда турат

Бөлүшүү:

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллион киши өзүнө кол салып, өмүр менен кош айтышат. Суициддин 76% калкынын кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө туура келет. Алардын ичинен 60% Азия мамлекеттеринде болот.

Бул тууралуу АКШдагы Хьюстон-Даунтаун университетинин окутуучусу Шахназ Савани “Борбор Азиядагы өзүн-өзү өлтүрүү” лекциясы учурунда билдирди.

Иликтөө 30 жылдык байкоолорго негизделген.

Борбор Азия боюнча Казакстанда өзүн-өзү өлтүрүү учурлары эң көп катталган – 48,1%. Экинчи орунда Түркмөнстан 15,8%, андан кийин Өзбекстан 13,6% жана Кыргызстан 13,4% турат. Тажикстанда бул көрсөткүч башкаларга караганда төмөнүрөөк – 7,2%.

Шахназ Саванинин пикиринде, аймакта калктын көбү ислам динин тутканына карабастан, өз жанын кыюу көрсөткүчү төмөндөгөн эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: