Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев баштаган Убактылуу өкмөттү элди алдагандыктары үчүн самолетко салып алып, Сириянын үстүнөн ыргыткым келет”

Бөлүшүү:

“2009-2010-жылдары Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариевдер президент Курманбек Бакиевди жамандашса эле ишене бериппиз. Бизге келишип: “Нарын облусуна электрэнергиясы бекер болуш керек, Бакиев 1,5 сомго чыгарып жиберди, биз бийликке келсек Нарынга бекер кылабыз дешкен. Бийликке келишкенден кийин бекер турмак, Бакиевден өйдө кылышып, 2 сом 16 тыйынга көтөрүштү. Бул деген эки жүздүүлүк да”, – деп билдирди бүгүн, 13-июлда Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун банк ячейкаларындагы акчаларды кантип бөлүштүрүшкөнүн биз алардын телефон сүйлөшүүлөрүнөн уктук. Биз карапайым болсок да алардын эмне иштерди жасаганын түшүндүк. Эми азыр Атамбаевдин айланасындагылардын баары коррупциялык кылмыштар менен кармалып жатышат. Акаев менен Бакиев да биригип, Атамбаевчилерче уурдай алышкан эмес. Ушуларды көрүп туруп, булардын элди алдаганына ачуубуз кайнап, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариевдер баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн самолетко салып алып, Сириянын үстүнөн согуш кайнаган жерге ыргытып жибергим келет. Ушул үчөөсүнө айрыкча ишендик эле. Көрсө булар деле бир кудай урган шылуундар экен. Биз ушуларга ишенип, Бакиевге каршы мамлекеттик төнкөрүшкө катышпадык беле. Артык болобуз деп тыртык болдук го. Буларың Бакиевден он эсе өтүп кетишпедиби! Биз бийликке келсек эле Кыргызстанды гүлдөтүп жиберебиз, адилеттүү бийлик орнотобуз, коррупцияны жоёбуз деген убадаларынын бирин да аткарышкан жок. 8 жылдан бери жанталашып өздөрү гана эбегейсиз байышты. Элди бири да ойлоп коюшкан жок. Эми Кыргызстандын карызын эки эсе көбөйтүшүп, эл төлөсүн деп эсеп ачып жатышат. Булардын жазасын кудай берсин! Кудай карап турат” – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: