Menu

Фото – Жогорку Кеӊештин депутат Дастан Бекешев Улуттук Кызыл Ай коомундагы ыктыярчылар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ Улуттук Кызыл Ай коомунун кеңсесинде эл өкүлү КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов ыктыярчылар менен жолугушту. Иш-чарага Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлери жана ар кандай курактагы ыктыярчылар катышты. Жолугушууда ыктыярчылар кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле, эл өкүлү буга чейин жылдырып келген ыктыярчылар тууралуу мыйзамга сунуштарын айтышты. Эл өкүлү депутаттык ишмердигинен тышкары окуган китептери жана жашоо тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга катышкан ыктыярчы Мадина Жетигенова: « Мен бул жолугушуудан дагы бир жолу адамда көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүндүм. Майыптык бул өкүм эмес.Чектөө адамдын аң сезиминде гана болоорун түшүндүм. Буга чейин мен эл өкүлдөрү менен жолуккан эмесмин. Бүгүн депутат менен ой бөлүшүүдө ар тараптуу, интелектуалдуу  жана жөнөкөй адам экенин көрө алдым.  Менин ыктыярчылык демилгеме аябай шыктануу берди.  Жашоого тура максат коюп ага жетуугө дем күч берди », -деп оюн бөлүштү.

«Мен эл өкүлү менен жолугушууга абдан толкунданып келгем. Бирок депутат ар бир ыктыярчынын оюн кунт коюп угуп, сүйлөшүүдө эч кандай чектөө болгон жок. Өзүмдү аябай эркин сезип, олтурдум. Адам баласы ар тараптан өнүгүү менен, ыңгайлуу инвестицияга жумшоо керктигин түшүндүм», – деди ыктыярчы Ариза Батракова.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: