Menu

85 жаштагы чал мал-жанга чөп-суу бербейсиң деп байбичесин кулак түпкө сайып өлтүрдү

Бөлүшүү:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ 14-июль күнү саат болжол менен 18:40 чамаларында маалымат келип түшкѳн. Анда, Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын Аттокуров кѳчѳсүндѳ, белгисиз аял жол боюнда канга боелуп жаткандыгы айтылган. Бул туурасында Ош ШИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, оперативдүү тергѳѳ тобу ал аялдын ѳздүгүн аныкташкан. Ал 1938-жылы туулган М. А. аттуу жаран болуп чыккан. Аны кароо учурунда ал моюнуна сайылган бычактан улам каза болгондугу аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары, кылмыштын изи сууй электе Ош ШИИБнин кызматкерлери тарабынан маркумдун жолдошу 85 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалган. Ал ѳзүнүн кѳрсѳтмѳсүндѳ: «ошол күнү бир аз кызуу элем. Кемпирим экѳѳбүз тамактанып отуруп, айтыша кеттик. Мен ага мал-жанды убагында чѳп-суусун карап койбойсуңбү деп уруштум. Ал каяша берди. Мен ачуумду токтото албай стол үстүндѳгү бычак менен кулак түпкѳ сайып жибергенмин. Ал кыйкырган боюнча эшикке качып чыкты эле деп түшүндүрмѳ берген. Тергѳѳнүн алгачкы жыйынтыктары кѳрсѳткѳндѳй маркум канжалаган боюнча кѳчѳгѳ жардам сурап жүгүрүп чыгып, бирок канды кѳп жоготкондугуна байланыштуу ѳз үйүнүн алдына жыгылып түшүп жан берген. Кылмышка шектүү Т.М.нын канында алкоголь ичимдиги бар экендигин экспертиза ѳз корутундусунда белгилеген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 97- беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош шаарындагы тергѳѳ абагына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: