Menu

Депутат Нодирбек Каримовдун катышуусунда Өзгөндөгү жаңжал боюнча милиция комментарий берди

Бөлүшүү:

2020-жылдын 21-сентябрында социалдык тармактын колдонуучусу КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Нодирбек Каримовго окшош адам башка адамды бир нече жолу уруп салган видеотасма жарыялаган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча текшерүү башталгандыгын билдирди. Видеотасмада чындыгында эле Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жазылгандыгы аныкталды.

“Ал эртең менен мечиттен чыгып, белгисиз бирөөлөрдүн мушташын көрүп, жакын келип, мушташты бөлүп кетти”, – деп түшүндүрүштү Ички иштер башкармалыгы.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда белгисиз адам жигитти сабап салган видеотасма тараган. Буга чейин кол салуучуну жеке короодо бир нече ондогон адамдар курчап алышкан. Видеотасма Искен Афиджановдун Facebook баракчасына жарыяланган. Бул окуя ушул жылдын жылдын 20-сентябрында, саат 07:44 тартылганы көрсөтүлөт. Социалдык тармактын дагы бир баракчасында видео Өзгөндө тартылып, жарандарды Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, азыр “Биримдик” партиясынан талапкер Нодирбек Каримов чогултуп жатканы көрсөтүлгөнү айтылган.

https://www.facebook.com/100001573929770/videos/3592726584123104/?extid=3GdC4VRK7prGSyZ8

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: