Menu

Марс Сариев, саясат талдоочу: “Эгер Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетсе, анда ал “экинчи Бакиев” болуп калат!”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандан болгону бир канча күнгө тышкары чыгып келишим мүмкүн” – деп билдирди.

“Мен өз өлкөмдөн тышкары учуп кетүүнү каалабаймын,- деп эскертти, ал журналистерге. – Мүмкүн, бир-эки күнгө өлкөдөн тышкарыга барып келүү керек болуп калар, бирок, ага керектүү мүмкүнчүлүк жана шарттар болушу керек. Бирок, бирөөлөр ойлобой эле коюшсун, мен бир жактарга учуп кетип, өлкөмдү мындан ары талоонго учуратпаймын. Андай болбойт, бул менин өлкөм, менин Мекеним жана мен бул жерде дайыма боломун”.

Ал кай тарапка жол тартаарын тактаган жок, бирок, кийинчерээк билдирүүгө сөз берди.

Бир канча убакыт мурда Атамбаевди Россиянын бажысынын мурдагы башчысы, азыр “Евразиялык өнүктүрүү банкынын” башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов чакыргандыгы тууралуу социалдык түйүндөрдө ушактарды талкуулоо жүргөн. Бельяниновду “Кыргызстан боюнча куратор” деп аташат. Ошондой эле, мурдагы президент үчүн түзүлгөн кырдаалдан чыгып кетүүнүн, камакка түшпөөнүн эң жакшы жолу өлкөдөн чыгып кетүү болот деген сөздөр дайыма айтылып келе жатат.

Ошол эле учурда, тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова мурдагы президенттин өлкөбүздөн узак убакытка тышка чыгып кетишине ишенбейт. Анын айткандарына караганда, мындай аракеттер анын мүнөзүнө туура келбейт.

– Менин оюмча, ал чындыкты айтып жатат жана Кыргызстанды көпкө таштап кетиши мүмкүн эмес, көп болсо 2-3 күнгө, – деди саясат таануучу.

Башка саясий эксперт, мурдагы дипломат Марс Сариев эгер Атамбаев Кыргызстанды таштап кетсе, коомчулуктун көзүндө “экинчи Бакиев” болуп эсептелинип кала тургандыгын айтат: “- Атамбаев баары бир кайтып келсе керек, эгерде Москвада кала турган болсо, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден эч нерсеси менен айырмаланбай калат”.

Саясат таануучу Аркадий Гладилов, өз кезегинде, мурдагы мамлекет башчысына бир канча айга “коомчулукту тынчтандыруу үчүн” Кыргызстандан чыгып кетүүнү сунуштайт элем дейт: Азыркы бийлик менен Атамбаевдин ортосундагы бардык ушул конфронтациялар өлкөгө да, анын партиясына да, өзүнө да пайда алып келбейт. Эгер ал мындан ары да саясатта боломун десе, мен ага Кыргызстандан тышкарыда эс алып келүүнү сунуштайт элем. Анын жылдыздуу сааты өтүп кетти – саясаттан да өз убагында чыгып кетүү керек”.

Эльдос Казыбеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: