Menu

Шайы оогон Шаршеевге ажо эмне акыл айтты?

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак чек арасындагы абал канча күндөн бери курч болуп, карапайым калк каржалып кеткени анык. Мындай кырдаалда ачык сүйлөшүү, эки мамлекет ортосунда бир пикирге келишүү маселелери көтөрүлүшү керек эле. Бирок, анын бири жасала элек.

Чек арада унаалардын кезек күтүүсү өтө узакка созулуп, ары-бери каттагандар узун кезек күтүп атканы факт болуп атса да Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кыргыз-казак чек арасынын жабылгандыгы тууралуу маалыматты четке кагып, чек аранын аталган бөлүгү аркылуу өткөндөрдүн саны азайбаганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өлкө аймагына “кылмыш элементтеринин” киришине жол бербөө максатында гана кошумча чаралар киргизилиптир. Коңшулардын Улуттук коопсуздук комитети кыргыз-казак чек арасындагы адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн 11-октябрда билдирип, аны пландык чек ара иштери менен түшүндүргөн. Чек арадагы ири өткөрүү бекеттеринде кезек күтүүлөр болуп жаткандыгы 10-октябрдан тарта айтыла баштаган. Комитеттин билдирүүсүндө 10-11-октябрь күндөрү кыргыз тарапка 18 680, Казакстанга 14 867 киши өткөндүгү жазылган. Мекеменин маалыматына караганда, бул көрсөткүчтөр жылдын ушул мезгилиндеги орточо статистикалык маалыматтарга туура келет. Маалымдалгандай, жалпысынан 8 миңден ашык чет элдик текшерилсе, анын 2 жарым миңин кыргызстандыктар түзгөн. Алардын ичинен 386 жаран административдик жоопко тартылса, 242 киши Казакстандан чыгарылып, 69 адамдын өлкөдө жүрүү, мөөнөтү кыскарып, 21и административдик камакка алынган. Көзөмөл-өткөрмө бекеттерден башка жерлерден миграциялык мыйзамдарды бузган 14 киши кармалган. Учурда алардын жарандыгы такталууда.

Кызыгы, андан бери кенен бир жума убакыт өткөн соң гана кечээ чечилбеген чек ара жаатына башчы болуп олтурган Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди Президент Алмазбек Атамбаев араң кабыл алды. Экөөнүн жолугушуусунда президент Адамдарга жардам көрсөтүүнү күчөтүү чараларынын маанисин баса белгилеп, Мамлекет башчысы тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң автомашиналарды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоого көмөктөшүү жумушун уюштуруу милдетин тапшырды. Бирок, маселени кантип жайгаруу тууралуу эмне деп сүйлөшүлгөнү эч кимге айтылган жок.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: