Башкы темага айланып жаткан Башмыйзамдагы “ит жыгылыш” оюндардын айынан кызыктуу көрүнүштөр байкалууда. Атамбаев-Текебаев тирешинен пайда табууну көздөгөн, эптеп эле башкы кожоюнга жагынууну пландаган күчтөр тымызын баш көтөрүшүүдө. Өмүрбек Текебаевден ыңгайдан пайдаланып эзелки кегин алууну көздөгөн экс-спикер Ахматбек Келдибеков бийликтеги түштүктүк “серый кардиналдар” аркылуу кожоюнга жан тарткандай ыкмага өтүп, коргоп чыгуу ишаратын “дубай салам” катары айттырып жиберсе, мындай кабарды уккан Алмазбек Шаршенович каарын төгүп, Келдибековго карата ачууланган маанайын билдиргени каңкууланууда. Ахматбек мырза кагылып-согулуп, башынан кыйынчылыкты өткөргөн саясатчы катары деле бир жакты жактабай, калыс позицияны карманса болбойт беле… Мындай жүрүшүн улантса, же күңгөйдө же тескейде жок, эки ортодо абалы кыйындап калбайбы?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ