Menu

Өзбекстанда имамдар мечитке келгендерди пахта теримге чыгууга үндөштү

Бөлүшүү:

Өзбекстанда пахта терим өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан маалда айрым мечиттердин имамдары жума намазга келгендерди түшүм жыйноого чыгууга чакырышты.

Кээ бир имамдар исламда пахта теримге чыгуу ар бир мусулман үчүн милдеттүү экендиги жөнүндө токтом да чыгарып жиберишти. Ошол эле маалда өлкөнүн көпчүлүк мечиттери пахта теримге деп келгендерден акча чогултууда.

Ташкенттеги «Хазрати Али» мечитинин кызматкерлеринин бири бул маалыматтарды ырастады. Анын айтымында, имамдардын пахта теримге чыгуу чакырыктары Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгынын көрсөтмөсү боюнча айтылууда.

Өзбекстандыктар өткөн жума күнү өлкөнүн башка мечиттеринде да талаага чыгуу чакырыктары айтылганын маалымдашты. Ошол маалда айрым айылдагы мечит имамдарынын өздөрү да пахта теримге чыгып жаткандыктарын билдиришти.

Эл аралык уюмдар жарандарын пахта теримге жана оор талаа иштерине мажбурлап чыгарып жаткандыгы үчүн расмий Ташкенттин аракеттерин көп жылдан бери сынга алып келет. Өзүнө бир нече укук коргоо уюмдарын камтыган Cotton Campaign тобу Өзбекстанды мажбарлап иштетүүдөн баш тартууга байма-бай чакырып турат.

Источник: Служба новостей Центральной Азии

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: