Menu

Элдик дарыгер Оморбай Нарбековдун “Улуу дипломат” аталган жаңгак майынан жасалган дарысы богок оорусун сакайтат

Бөлүшүү:

Элдик медицинанын негиздөөчүсү Оморбай Нарбековдун “Улуу дипломат” аттуу новатордук дарысы Евромаркеттин 1994, 1995, 1997, 2004 –жылдардагы жеңүүчүсү катары жаңгак майынан иновациялык багыттагы дарысы азыркы кездеги дүйнөлүк масштабда талкууланып жаткан богок оорусун тактап айтканда калкан бездерин (шитовидный железа) толук калыбына келтирет. Жаңгак майы-катализатор катары организмди өзүнүн пайдаланылбаган резервдеринин эсебинен чыңдоого көмөк көрсөтөт. Ошондуктан аны  “Улуу дипломат” деп аташат, ал  негизинен бардык ооруларды айыгышына жол ачуу менен бирге айрыкча богок  оорусун же калкан бездерин толугу менен айыктырат. Жаңгак майында А,Е витаминдери, сероиддер, организмдин өз алдынча чогулта албаган аз өлчөмдөгү май кислоталары менен башка дарылардан айрымаланат, баалуулугу да мына ошондо. Мындан сырткары чоң өлчөмдөгү микроэлементтерди жана башка атайын максаттагы организмди толук кандуу калыбына келтирүучү ички резервдердин негизинде айыктыруу касиетине ээ. Жаңгак майы атресклероз, гипертония, диабеттин бардык түрлөрүн  өзгөчө бул оорулар өтүшүп кеткендеги инфарк, инсульт, ретинопатиянын алдын алууда жана дарылоодо табылгыс миңден бир даба болуп саналат. Боор, уйку бези бөйрөктүн ыйлакчасына (кистасына), ашказан менен 12 эли ичегинин айыкпаган жаратын, ичегини бүтөгөн өнөкөт колитти, өттөгү ташты жана табарсыктагы заара чыгаруучу жолдорду тазалоодо жакшы натыйжасын көрсөтөт. Адамдын денесиндеги уулу заттарды (токсиндерди) жана оор металдардын туздарын эритип сыртка чыгарат.  Айыкпаган  дарт болбойт деп курандын хадистеринде айтылгандай эле, узакка созулган гангрена,өзгөчө нурланган күйүк, теринин сезгенүүсүнө мыкты дары экендиги иш  жүзүндө далилденген. Сезгенүү процессин так калтырбай айыктыруу, жаратты тез калыбына келтирүү жагынан алдына ат салдырбайт. Бул улгайган адамдарга жана өтө арык кишилердин табылгыс дарысы,  дабасы. Салттуу медицинада теринин туберклезун, аялдардын көкүрөк, эмчек жаратын мастопатияны, эмчектин жана жатындын рагынан айыктырат. Жаңгак майынын курамына кирген биоактивдүү заттар көздүн кан тамырларын коргойт жана көз артерияларынын склероздук оорусун токтотот, көздүн ички кан басымын азайтат. Жаңгак майы косметикада коллаген лифтинг катары жашартуу, беттин терисиндеги терең бырыштарды жылмалоо үчүн пайдаланылат. Чачтын түшүүсүн токтотот, какачты жок кылат.Экзема, нейродермит, псориаз, пигменттик тактарды дарылайт жана аны толугу менен айыктырууга жетишет.

“Улуу дипломат” боюнча  оорулуулардын пикирлерин келтиребиз: Мен Адилетова Сайрабүбү, Кара- Кулжа районунан, Сай айылынан келгенмин. Менин калкан безимде ыйлакча(киста) бар болуп, уйкусуздуктан жапа чегип кыйналып жүргөмүн. Барбаган догдурлар, көрүнбөгөн врачтар калбай айлам кетип турганда ушул жылдын июнь айынан баштап “Улуу дипломат” майын дарылык үчүн  иче баштадым андан сырткары көрсөтүлгөн ыкмалар менен сыртынан да майлап  жүргөмүн. 2016-жылдын  29-августунда УЗИге түшсөм калкан бездеги киста, ыйлакча толугу менен айыгып, андан сырткары бетимдеги терең бырыштар жазылып жашарып, калганымды УЗИ тарткан тажрыйбалуу эндокринолог дагы таң калганын жашырган жок. Менин кубанычым чексиз. Уйкум толугу менен калыбына келип, уйкусуз түндөр, түш сыяктуу болуп калды. Мен жети бир туугандын ичинде жалгыз кызмын. Жетинин бири кыдыр деп айткандай Оморбай Нарбековичке төмөндөгүдөй бата ыроолодум: Урматтуу элдик дарыгер, СИЗди кудай колдоп, периштелер коргоп, жемишиңиз жерден, ырыскыңыз элден мол босун, кайрымдуулугуңуз каныңызда жүрсүн, СИЗ дайыма баркыңызды, кадырыңызды, талантыңызды сыйлагандардын эсиндесиз. Сиздей ташка тамга баскандай оор басырык, жагымдуу, маанайы жарык, март адам ар бир кыргызстандыктардын “Манас”орденинин биринчи даражасындай сыймыктанган   жүрөгүндөсүз. Адам баласы ден соолуктун, бош убакыттын, тирүүлүктүн кадырын кээде сезип, кээде сезбей өмүр өткөрөт тура. Улуу урматтуу Оморбай Нарбекович! Сиз дайыма тубөлүктүүсүз! Канчалаган аты жаман ооруулардан  Сизден шыпаа таап айыгып кетишти. Ошолордун бири- менмин. Сиз, руханий байлыктын негиздөөчүсү Ч.Айтматовдой Кыргызстанда гана эмес башка чет өлкөлөрдө (Казакстан, Россия ж.б.д.у.с.)   Сизди сыйлаган, урматтаган, сизди мыкты дарыгер деп  баалап, дарыларыңыздан даба таап айыгып кеткендер өз өлкөсүндө “баатырдын даңкын алыстан ук жанына келсен бир адам”, пайгамбар өз элинде да бөтөн элде да  алдыда жүрсө ак жолтой, артыңда келе жатса сан колдой болуп өмүр улап, элдин ыраазычылыгы эң жогорку даражадагы кызмат орун, элдин сыйлыгы, элдин сыймыгы мындан артык бааны элден башка эч ким бере албайт, бааланып алынган сыйлык менен сыймык убактылуу, ал эми СИЗдин элдик дарыгер деген атыңыз түбөлүктүүлүгүңүз эл тарабынан эчак эле бааланган  эң жогорку баага татыктуусуз.

Сезимдин кулүк атын минип алып,

Алгалай улам  алга жүрө бергин,

Гүлдөрдөй сулуулуктун жыты аңкып,

Ырахаттуу, бактылуу өмүр сүргүн,

Нарындын дайрасындай толкуп –ташып!

 

Кыйындыкта ажырашып кетпеген,

Достор керек сагынганда эстеген,

Кыз да керек дарак өңдүү мөмөлүү,

Кадырыңа кээде жетип-жетпеген?!

Бул ыр саптары теңирден зарыгып күткөн жалгыз перзентине арнагандай карайлап катуу ооруп кайрадан жарык дүйнөгө келген, өзүн-өзү жарата билген пенденин  ден соолуктун кадырын сезген жана баалаган учурундагы терең сезимден ак дилден чыккан ыраазычылыгы деп билиңиз.Сизге колдоо көрсөтсө теңирим, жараткан Аллаа таала чың ден соолук, узун өмүр, чексиз бакытты балдарыңыз, неберелериңиз, чеберелериңиз, деги эле урук-туугандар, сизди жакындан билгендерге, эң негизгиси сиздей бир кылымда бир төрөлчү инсанды жарык дүйнөгө алып келип, татыктуу тарбия –таалим, билим берген ата-энеңизге, ага –эжелериңизге, сизди көтөрүп чоңойткон тууган-туушкандардын баарынын эмгеги текке кетпептир.“Бешиктеги баланын бек болуп турган кези”, акылга бай, тажрыйбасы мол, эл үчүн төрөлгөн, ата-бабадан келе жаткан кайрымдуулук салтын канда сактаган, калыс адам, жарык маанай жай сүйлөгөн оор басырыктуу даанышмандыгы менен айрымаланып турат. Андан да талантынын чексиздиги, ар түрдүү ооруну тамырдан жана өң-келбетинен даана таанып, так диагноз коюп тургандыгы жагынан көзү япониянын эң күчтүү УЗИси, ал эми колдору өзүнчө эле рентгендей сезилет. Орулуунун ички кайгысын, кейип-кепчип жан далбастап турганын, коңур жагымдуу шашпай айтып, жакшы ниет  жарым ырыс экендигин сөз менен да, иш менен да далилдеп, тынчы кетип турган оорулууну бир заматта ишеним менен айыктыра салмай касиети да бар экен. Ошондо жаны көзүнө көрүнүп келген оорулуу чын эле өмүрүм уланып, жашоомдун оту тутандыбы деп, берген дары-дармектери замзамдын суусундай өлбөстүктүн добулбасын кагып алга карай үмут оту тутанып, көзүндөгү кайгынын ордуна  жылтырап жашоо жарыгы жанат. Кыргызстандыктар да учубуз кур эмес экен, өзүбүздүн  теңдеши жок дарыгерибиздин элибиздеги “сени тушүнсүн десең, жакшылап түшүндүр (сен жакшылап түшүндүрбөсөң сен каалагандай жыйынтык болбойт) сен эмнени каалап жатканыңды эч ким түшүнө бербесин тактап, анын ичинде аялдарды көбүрөөк аяп, алардын түйшүгү көп экенин баалап, эгер маанайы жок болсо, тиги дүйнөдө ушундай начар маанай да жок калаарын эсине этияттык менен кылт эттирип, бетине   өмүр суусун  чачып сергите  койгону да бар экен.

Дагы бир улуулугу Оморбай Нарбековдун  айкөлдүгү кечээ 31-август күнү эгемендүүлүктүн 25-жылдыгында жаш баладай кубанып алыптыр Кайыргүл Сартбаева менен Дарика Жалгасынова сыйланыптыр, ошолор абдан татыктуу кыздар эле, мен өзүм алгандай чегиме батпай ,сүйүнчүмдү тең бөлүшүп турган чагым деп жадырап-жайнап турганын көрүп, “Пайгамбар да  убакыт өткөн соң  өз элинде пайгамбар болгондой, карт  тарыхта далай  кыргыздын чыгаан уулдары өз мезгилинен кечигип болсо да эл тарабынан баасын алды, алардын эмгеги бааланды. Биздин Президентибиз Үркүндө шейит кеткен  белгилүү-белгисиз курмандыктарга арнап өзүнүн жарлыгы менен Ата- Бейиттен орун берип, куран окутулуп, арбактар ыраазы болуп, эми тирүүлөрдүн иши илгерилейт, экономикабыз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бар элдин учугу улана берерине ишеним  күчтүү сезим менен жашай бермекчибиз.

Адилетова Сайрабүбү, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 130 үй, 1 батири, б.т. 0701858558

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: