Menu

Түркияда Гүлендин иниси кармалды

Бөлүшүү:

Түркиянын Измир шаарында Фетхуллах Гүлендин иниси Кутбеттин Гүлен кармалды. Ал “террористтик уюмдун мүчөсү” деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү Anadolu агенттиги 2-октябрда кабарлады.

Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Түркия аны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Вашингтонго бир канча жолу кайрылган. Гүлендин өзү эгер анын күнөөсү көз карандысыз сот тарабынан далилденсе мекенине кайтып барарын билдирген.

Түркияда 16-июлга оогон түнү төңкөрүш аракети болуп, бийлик аны басып койгон. Козголоң маалында 240тан ашык киши каза болгон. Тергөөнүн алкагында Анкара он миңдеген жарандарды камакка алган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: