Жогорку Кеңеште төрт фракциядан куралган көпчүлүк коалиция бар эмеспи. Мына ушул аты бар болгону менен заты чалды-куйду позицияны карманган коалиция деген биримдиктин тагдыры чечилип калган өңдүү. Не дегенде Москвада дарыланып жаткан президент келээри менен чечкиндүү кадамдарга барып, коалицияны таратып жибериши тууралуу кеп-сөз күчөдү. Бул биримдиктеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Башмыйзам боюнча позициясы белгилүү. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да кетенчиктөөдө. Парламенттеги оппозиция аталган «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да ушул эки саясатчыга ыктап калгандай. Демек дагы бир сценарий боюнча, эгер коалиция тарачу болсо, бул үч фракция биригип, чоң күчкө айланчудай.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ