Menu

Жогорку соттун Төрайымы баштаган кыргыз делегациясы Румыниянын Улуттук Магистратура Институтунда болушту

Бөлүшүү:

2016-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева баштаган кыргыз делегациясы Бухаресттеги Улуттук Магистратура Институтунун жетекчилиги жана жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Делегацияны Улуттук Магистратура Институтунун директорунун орун басары Нелу Чиобану мырза тосуп, мекемеде 77 адам иштерин айтты. Румыниянын бул магистрдик окуу жайы судьялар менен прокурорлорду окутат. Институттун бюджети 5,5 млн. еврону түзөт. Окутуучу жамаат 383кө жакын семинар, курстарды камтыган окуу планын иштеп чыгат. Азыркы күндө Румыния боюнча бардыгы болуп 7100 магистрант, өткөн жылы 4600 магистрант болгон. Биринчи жылы курсанттар жалпы багыт боюнча билим алышат, ал эми окуу жылынын соңунда экзамендерди тапшырышат. Бул убакыт ичинде алар өздөрүнүн адистигин аныктоо менен бирге, прокурор же судья кызматын тандашат. Экинчи курста окутуунун 80%ын соттордо же прокуратураларда өткөрүшөт. Ал эми 20% убактысында институтта лекция угушат.

Мындан тышкары, Нелу Чиобану мырза жана кесиптештери Андра Гхебри, Диана Михайла, Симона Цицейка, Надя Симона Таран, Руксандра Ана жана Отилиа Пакурари магистранттарды, судьялар менен прокурорлорду кандай шартта окутаары тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Улуттук Магистратура Институтунун имараты 1939-жылы курулган жана тарыхый болуп саналат. Институт жаңы боло турган судьялар жана прокурорлорго башталгыч билим берүүчү мамлекеттик өз алдынча мекеме. Ошондой эле бул жерде тренерлерди окутуу боюнча сессиялар жана дайындалган судьялар, прокурорлорго үзгүлтүксүз окутуу жүргүзүлөт.

Судьялар, прокурорлор жана адвокаттар менен тажрыйба алмашуу боюнча бул сапар «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: