Menu

Коалициянын кулаганынан парламент «мүйүздүү» болсо кана?

Бөлүшүү:

Ырк кеткенде баржогу тигиштеринен сөгүлүп,кечээ эле кадырлап жүргөн абийилер айрандай төгүлүп, жоролор бири-бирине мокочодой көрүнүп каларын көзгө сайып көрсөтүп эле келген оозуна алы жеткендери, жетпегендери деле.. Бирок кыргыз парламенти КСДПдай, анын колбашчысындай акылга таянып алышып, коалиция десе кылымды карытып ийет дегендей ой менен бир мезгилде төрт фракциянын башын бир казанга салып кайнатып, «сен билесиңби же сельсовет билеби» деп өтүгүн төргө илип билгенин жасап келишти.. Бирок  тилекке каршы,кудай дебей койушту, аны эстеринен чыгарып салышты сыягы. Аны  тапаткыр эле унутуп эле салышты жеке кызыкчылыгынын артынан жүгүрүп жүрүшүп.

Күтүүсүз жерден “бомба” жарылып, тегеректин баары ызы-чуу болуп жатып калышты. Террористтер эмес, өздөрүнүн ичинен чыкты өзөктөн чыккандай . Анан “тарака-турака” башталып, бүгүн да уланып келет сериалдай.

Какаганга муштаган болуп ушундай оор кырдаалда колбашчы –президент да  күтүүсүз  дартка  чалдыгып, дарыланып жатып калбадыбы.”Атабыз келсе эле баарын жайгаштырат деп сооронуп жатышканда, жумушуна кайткан ажо деле алардын ойуна келбеген кадамды таштаганы калганын  эшитишип, үндөрүн чыгаара алышпай “пысып” отуруп калышты.

Кылымды карытчу коалиция дегениңи көрөргө көзүм жок дегендей суук сөз тарап эле кетти. Ким  билсин. Баарына  президент өзү  демилгелеген  Баш мыйзамды өзгөртүүнүн айланасындагы  ызы-чуу эбеп-себеп болду сыягы. Текебаев, соңунан кечээки сөздөрүнөн айнып кетишкен Төрөбаев менен Сулайманов  үчилтик түзө тургандай ахыбалга жеткенде, мындай коалициянын барынан жогу , деп койгондур да ажо. Мүмкүн. Балким дагы бир “тыным” алып туруп, коалицияны таратуу менен  убакытты утуу  жагы  каралгандыр. Андай  күнү КСДП, “Республика –Ата-Журт”, “Кыргызстан” бир жээкте, “Ата-Мекен”, “Өнүгүү- Прогресс”, “Бир бол” экинчи жээкте калып кетсе, ошондо көрөсүң  парламенттик оппозициянын күчүн. Кызыгы, коалицияны кулатуу менен парламент «мүйүздүү” болот деген ой да өтө калпыс. Бовойт андай, бовойт! Бул да ойлонтчу маселе бийликке.

Демек, коалицияны таркатуудан не мандем? Бүгүн президентти таптакыр башка бир маселелер ойлонтуп жатканын айттырбай билсе болот. Бирок чалагайым “эт менен челдин “ ортосундагы  Баш мыйзамды өзгөртүү жолу менен  ойлогон ойуна жетем дегени менен кыстаган турмуш кабыргасынан майыштырып жатпайбы.Иттин өлүгү да кудум ушерге көмүлгөн.

Башкысы парламентти таркатууга президенттин укугу жок. Ал  деген өзүн  өзү гана таркатышы мүмкүн. Эми мыйзамды ушундай кабыл алышкан эмеспи. Айла канча. Мыйзам дегениң Африкада да мыйзам!  Экинчиден, референдумду өткөрүп Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизгени президентке кандайдыр бир упай алып келбеши да айдан ачык. Кайрадан анын рейтингин паска кулатып салды.Күчкө салып өткөрүшүн өткөрөт, жанагы  Кореядан  алып  келинген  технологиясы  менен “айт, два” кылышы мүмкүн. Бирок Кыргызстандын  аба-ырайы андан өзгөрүп кетпейт да. Баягы баягы боюнча кала берет. Анан эл сурайт, нааразычылык күчөйт. Өзгөртүүдөн  эмне өзгөрдү деп жарга такаганда…келерки калпты ойлоп чыгуу кыйынга туруп калат.

Мына ошондо “мураскер” планы  ишке кирип, күтүүсүз отставка, убактылуу президент ( өзүнүн короосунан албетте), президенттик  анан кайра парламенттик шайлоо…

Бүгүнкү кырдаалда «жети эмей жетимиш жолу өлчөп канча кессең да», баары бир теңирден тескериге кете берет.Бир гана жол- бул  элге  ачык кайрылып, демократиялык  жолдон бурулбай тургандыгын, Баш мыйзам бүгүнкү талапка ылайык өзгөрүп жатканын ( жакшысы  азырынча аны өткөрбөй койгон эле оң),кетирилип жаткан кемчилдиктерди тез оңдорун айтышы керек ажо.Бирок мындай  кадамды жасабайт же жасатышпайт. «Артыбызда Ак Үй, кадам таштай албайбыз!»дегендер толтура айланасында.Демек, бу курдайы да  эски нукта агып кете беребиз чамада.

Бир сөз менен башынан ээрге кыйшык отургандан улам ушундай ташпиштер жаралып келет.Мунун баары жеке бир кишинин жана бир партиянын диктатурасынан көз жаргандыгын  ушу күнгө чейин ачык айталбай келебиз.Бизге чала.То ли еще будет!!!

Просто  Шер

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: