Menu

Ата Мекен партиясы www.vb.kg сайтын жалган маалымат таратканы үчүн сотко бере турганын жарыялайт

Бөлүшүү:

«Вечерний Бишкек» гезитинин сайты Жогорку Кеңеш депутаттары “Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновалар Бакиевдер менен бирге Мегакомго үлүшкө кирген» деген макаласын “Өмүрбек Абдрахмановдун сенсациялуу билдирүүсү көп нерсени ачыктады”- деп Абдрахмановдун сөзүнө шилтеме берүү менен жарыялаган. Бирок, “Вечерний Бишкек” гезити Өмүрбек Абдрахманов бул жалган сөзүн  2012-жылы 20-апрелдеги “Алиби” гезитинин №28 (280) санында айтканын, Абрахмановдун сөздөрү калп экенин Биринчи май райондук соту чечими менен тастыктаганын билбесе керек. Кыргызстандагы белгилүү гезиттердин бири “Вечерний Бишкектин ” сайты шилтеме берип жазган Өмүрбек Абдрахмановдун сөзү жалган экенин Биринчи май райондук сотунун тастыктаган чечимин сунуш кылабыз.

Маалыматтар Өмүрбек Текебаевдин аталган сот процесстериндеги жактоочусу Таалайкуль Токтакуновадан алынды.

Биринчи май райондук сотунун чечими:

“Алиби” саясий-укуктук гезитинин 2012-жылдын 20-апрелиндеги №28(280) санына чыккан “ Текебаев Мегакомду соодалап, Москвадан миллион доллар алган” деген Өмүрбек Абдрахмановтун интервьюсундагы маалыматтар чындыкка дал келбеген, Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин ар-намысына, кадыр баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалымат деп табылсын.

“Алиби” саясий-укуктук гезитинин чечим күчүнө киргенден баштап он күндүн ичинде 2012-жылдын 20-апрелиндеги №28 (280) санында жарыяланган “Текебаев “Мегакомду” соодалап, Москвадан миллион доллар алган”-деген макаладагы Ө.Ч.Текебаевдин дарегине айтылган чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды төгүнгө (опровержение) чыгаруучу маалыматтарды ошондой шрифт менен 4500 нускада жарыялоосу милдеттендирилсин.

Жоопкер Абдрахманов Өмурбектен жана “Алиби” саясий-укуктук гезитинин редакциясынан мамлекеттин бюджетине мамлекеттик алым 10 (он) сом өндүрүлсүн.

Чечимге нааразы тарап Бишкек шаардык сотуна 30 күндүн ичинде апелляциялык тартипте арыз келтирүүгө олот.

Төрагалык кылуучу Б.Алымкулова.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту Өмүрбек Абдрахмановдон жалган сөзү үчүн 100 000 миң сом өндүрүп, аны Абдрахманов төлөгөн.

Биринчи май райондук сотунун чечими:

Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин жоопкерлер Өмүрбек Абдрахмановго, “Алиби” саясий укуктук гезитинин редакциясына карата өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу доо арызы канааттандырылсын.

Жоопкерлер Өмүрбек Абдрахмановдон, “Алиби” саясий-укуктук гезитинин редакциясынан, жалпысынан доогер Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин пайдасына 100 000 (жүз миң сом) өндүрүлсүн.

Чечимге нааразы тараптар Бишкек шаардык сотуна 30 күндүн ичинде апелляциялык иретте даттануу келтириши мүмкүн.

Биринчи май райондук соту, 29-май 2014-жыл.

Бүгүн качандыр бир кезде кадыр-барктуу саналган гезит сот жалган деп таап, айып пулга жыккан Абдрахмановдун сөзүнүн негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын, мурдагы баш прокурорду, мурдагы юстиция министрин, 25 жылдан берки депутатты каралаган материалын жарыялап отурат. Өзүн сыйлаган, мыйзамды сактаган басылма сот жалган деп тапкан маалыматка таянып эл өкүлдөрун каралайт беле же “Вечерний Бишкектин” деңгээли ушуга тушүп калды беле?

Мындан улам Ата Мекен партиясынын секретариаты бул vb.kg сайтына жарыяланып жаткан партияны каралоочу биринчи материал эмес экенин билдирет. Буга чейин аталган басылманын журналисттери партиянын мүчөлөрүнө жана лидерине тийешелүу мүлкттөр тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан жана мыйзамдуу түрдө декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрдү окурмандарга башка нукта бурмалап беришкен.

Бирок, акыркы сот чечими менен жалган делген Ө.Абдрахмановдун сөзүнө таянып жазылган материалдан улам бул сайттын журналисттери бийликтин буйругун аткарып жатканын айтууга ачыктан-ачык негиз болот.

Буга байланыштуу Ата Мекен партиясы www.vb.kg сайтын жалган маалымат таратканы үчүн сотко бере турганын жарыялайт.

chechchech1chech2chech3

“Ата-Мекен” партиясынын басма сөз кызматы 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: