Menu

Темир Сариев, Кыргызстандын экс-премьер-министри: “Атамбаев менен Текебаевдин тирешип жатып сүйлөгөн сөздөрү – бийликке чабылып аткан балка!”

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Темир Сариев жакында өлкөдөгү айрым басылмалардын башкы редакторлору менен жолугушуу өткөрдү. Анда мурдагы өкмөт башчы өз тууралуу айтылып келген жана айтылып аткан маалыматтардын чын-жалганын иреттеди. Ошондой эле учурда өлкөнүн саясий жээгиндеги башкы кармаш болуп аткан Конституцияны өзгөртүү демилгесине да пикирин билдирди.

Коррупциялык тендерге катыштыгы болгонбу?

Темир Сариевдин өкмөттү башкарган доорунун “өмүрү” бир жылга аз гана күн жетпей калган. Анын кызматтан кетүүсү Бишкек-Корумду автоунаа жолунунун курулуш ишиндеги чырга байланыштуу болгон. Ошол кездеги транспорт жана коммуникация министри Аргынбек МалабаевСариевдин жолду оңдоодо “бармак басты, көз кысты” ыкмасын колдонгон деп айыптап чыгып, бул иш Жогорку Кеңештин кароосуна чейин жеткен. “Премьер-министр чын эле кытай компаниясынын кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгонбу?”- деген суроого жооп издөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссия териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Сариевге ишеним көрсөтпөө чечимине келген. Бул албетте, ал учурдун өкмөт башчысына жаккан эмес. “Мен кызматымды тапшырганга даярмын, бирок таза иштегенимди, эч убакта саясий интригаларга аралашпаганымды акыр аягына чейин далилдейм”, – деген ал, арызын жазып, бийликке беш колдоп жармашпай-этпей эле акырын четке чыга берген. Бирок, аталган автоунаа жолун курууда Сариевге тагылган айып аныкпы деген суроо бүгүнкү күндө да ачык бойдон калууда. Анткени, бул иш боюнча бир жактуу сот чечими чыга элек. Ал эми экс-премьер-министр өзү бул тууралуу жолугушууда мындай деди:

– Буга дейре үн чыгарбай отурдум. Ачыгын айтыш керек саясатта көп жылдан бери жүрүп калган адам үчүн унчукпай отуруп алуу өтө кыйын. Убакыттын өтүшү менен пайда болгон айрым орчундуу маселелерге оюмду билдириш керек болуп калды. Биринчиден, мен тууралуу айрым гезиттер туура эмес маалыматтарды жарыялап, “Сариев качып кетиптир”, “Сариевдин жардамчысын камап коюшуптур”, “Кытайлыктардын 6 миллионун жеп алыптыр”, “Жегени аш болду бекен?”, “Жегенинен бизге да бөлүшпөйбү?” деп жазып атышты. Эгер азыр кайра премьер-министр болсом, дагы да ушул жол салуу чечимин тездик менен  кабыл алмакмын. Дайыма айтып келем, бул жолду салууда биз кечигип калдык. Он жыл мурун салынса болмок, бул жол бизге аябай керек. Быйыл 25-40 чакырымы салынса, кийинки жылы калганы бүткөрүлөт да, Бишкектен баштап Чолпон-Ата-Корумдуга чейинки жолубуз таптатынакай болуп калат.  Бул бир гана Ысык-Көлдүн эмес, Кыргызстандын абройун көтөрөт. Экинчиден, эмне себептен мени автоунаа жолун курууда коррупцияга жол берди деп айыптап чыгышты? Былтыр июнь айында, премьер-министр болуп турганымда кол коюп, сатып алуулардын баарын электрондук вариантка өткөргөнбүз. Анын негизинде бардык келишимдерди эки орган көзөмөлгө алат. Бири кайсы министрлик сатып алууну өткөзүп аткан болсо ошол, экинчиси Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуу деген атайын департамент. Бүгүн кайсы бир нерсеге тендер жарыяланса, электрондук вариантта талаптар бар, анын баарын толтуруп анан жөнөтөсүң. Эгер кокус бир жеринен ката кетсе, кабыл албайт, автоматтык түрдө кайра кайтарылат. “Империя групп” компаниясы тендерге эмнеге кирбей калды деп атышат, жообу жөнөкөй: талаптарды туура эмес толтурушкан. Андан кийин автожолдуу куруу тендерин утуп алган компанияны “лицензиясы жок экен” дешти эле, лицензия бар болуп чыкты. “Мөөнөтү туура эмес болуп калган” дешти, мөөнөтүн да тууралап беришти. Акырында “иштей албаган компания” дегенди айтышты. Ал компания курган жолду көргөн адистердин баары “мындай таза, сапаттуу иштеген компания Кыргызстанда башта болгон эмес” деп баа беришти. Мен өкмөт башчылыктан кетпегенде жол быйыл июль айында бүткөрүлүп калмак. Ага ылайыктап план түзүп, катуу тапшырмаларды берип, көзөмөлгө алып аткам. Кызматтан кеткенимден кийин эки айга куруу иштери кармалып калды. Ал жолду “Темир жол” деп атап алышыптыр, ылыйым ошондой аталып калсын.  Мени айыптоолор муну менен токтоп калган жок, “өлкөдө акча жок кезде жол курууну баштап салды”,- дегендер да болду. Бизде 25 жылдан бери эле бюджет тартыш, акча жок деп отура берсек кандайча иш алдыга жылат? Жоктон бар кылып, маселелерди чечүү керек эмеспи? Аткаруу бийлигин башкарып аткандан кийин алдыга амбициялуу пландарды коюп, аны аткарууга жан үрөш керек да. Биз 16 млрд сом кошумча киреше булагын таап, ага жараша чыгымдардын да көлөмүн көбөйткөнбүз. Апрель айында мен өкмөт башчылыгынан кетип атканымда казынада 11 млрд сом бар болчу. Мугалимдердин, социалдык тармактардагы кызматкерлердин айлык акысын 20-30%га көбөйттүк. Жаңы кирешелердин негизинде өлкө аймактарына 73 мектеп курдук. Быйыл 100 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүүгө ылайыкташтырып, планга киргизип койгон элек. Өкмөттө тартип кадимкидей орноп калган, аким, губернаторлор менен кайсы аймакта кандай маселе жаралбасын жыйын өткөрүп чечүү жолдорун издечүбүз. 2015-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу инвестициянын көлөмүн 1 млрд 573 сомго жеткирдик. Ага жеткирүү үчүн текшерүүлөрдү азайттык, салык төлөөнү жеңилдеттик…

Темир Сариевдин өкмөт башчысы болуп турган кезиндеги аткарган иштери, жакшы жыйынтыктары тизмелеп саналганда жыйынга катышып отургандар тарабынан “Эмнеге мынчалык жакшы иштеп атсаңыз кызматыңыздан кетирип салышты?” – деген суроо пайда болду. Бирок, бул суроону экс-премьер-министр жоопсуз калтырды.

“Төңкөрүш жасоо боюнча планды толтурдук”

Август айында Темир Сариев кыргыз коомчулугуна, Башмыйзамды өзгөртөбүз жана өзгөртпөйбүз деген карама каршы пикирди карманып турган саясий журтчулуктун бардык өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган. Анда курамына учурдагы бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү, эксперттер, укук коргоочулар кирген Конституциялык кеңешме түзүп, кандай өзгөртүү киргизүү керектигин жалпы эл менен чогуу чечүү сунушун киргизген. Бирок, бул сунушка эч бир тарап олуттуу көңүл бурган жок. Сариев дагы да болсо кайрылуусундагы конституциялык кеңешме түзүү керек деген сунушунан кайта электигин белгиледи:

– Конституция боюнча учурда саясий күчтөрдүн катуу тирешүүсү болуп атат. Аны көрүп биз да тынчсызданып атабыз. Акыркы 10-11 жыл ичинде төңкөрүш кылуунун планын толтурдук. Эми андай бийлик алмашуу болбошу керек. Ар бир революция прогрессти жаратат, бирок ошол эле убакта регресс да болуп калат. Пайда болгон башаламандыкты токтотуу убакытты да, каражатты да алат. Конституцияда “2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт”- деп жазылып турат. Ошол жазуу боюнча чыдасак деле болмок. Мындан бийликке элдин ишеними пайда болот эле. Бизде жаман адат бар: өзүбүздү Конституцияга карата өзгөртпөй, Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап алгыбыз келет. Азыр аны өзгөртүүнү төрт фракциянын лидерлери демилгелеп чыктыбы, эртең кокус териштирүү болуп калса, ошол төртөө жоопкерчиликти алышы керек. Ооба, Куран менен Библиядан башка бардык нерсени өзгөртсө болот. Бирок, ирети, эрежеси менен. Конституциянын 2-беренесинин 3-пунктунда: “Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер ренферендумга, бүткүл элдик добуш берүүгө коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүдө коюлчу маселелер конституциялык мыйзам менен бекитилет” деп жазылып турат. Демек, конституциялык мыйзам кабыл алуу керек. Мындай мыйзамдар депутаттардын 3/2 добушу менен кабыл алынат. Кабыл алуунун да жобосу бар, сөзсүз түрдө үч окуудан өтүшү керек жана ортодогу мөөнөт узак болушу шарт. Ошон үчүн конституциялык мыйзамды кабыл алууда бул эрежелер сакталбай, кызыкчылыктар үстөмдүк кылып, башка ыкмалар колдонулуп кетсе, убакыт өткөндөн кийин баары бир күн тартибине коюлат. Негизи бул маселени, саясатчылар, саясий ишмерлер, бийлик-оппозиция элди бушайманга салбай эле, өзүнчө отуруп чечишип алышса болмок. Ал үчүн конституциялык кеңешме түзүү зарыл.

“Бычактын кыры менен баскан күндөр болгон, эч нерседен коркпойм!”

Коомчулукта Баш мыйзамды президенттик шайлоого бир жыл калганда өзгөртүүгө аракеттер жасалып баштаганын “Атамбаев бийлигин бекемдеп алгысы келип атат, же бийликтен кеткенден кийин да артында калтырып кеткен өз кишиси аркылуу азыркы таасирин сактап калуунун камын көрүүдө” деген пикирлер айтылып келет. Сариевге жыйында “Сиз Атамбаевдин жеке кызыкчылыгынан Конституцияны өзгөрткөнү атканына токтолбой, сылап-сыйпап, “муну алып чыккан фракция лидерлери кийин жооп берет” деп айтып атасыз. Эмнеге болуп аткан нерселерди ачык айтпайсыз? Же, кылмыш иши козголгондон кийин “мага каршы чыксаң, кылмыш ишиң турат” дегендей кысымга кабылып атасызбы?” – деген суроо берилди эле, мындайча жооп берди:

– Мага кылмыш иши козголгон жок. Жогорку Кеңештин кайрылуусу менен териштирүү жүрүп атат. Эки жолу бардым, күбө катары суроолорго жооп бердим. Айрымдар жазгандай алты саат отурбадым, тердеп-тепчибедим, түз, так жооп бердим. Премьер-министр болуп жүргөнүмдө жол боюнча туура чечим кабыл алгам, эгер жол курууну баштадың деп айып тагыша турган болсо, ага даярмын. Экинчи жолу барганымда Малабаев өзүнүн түшүнүгү боюнча документтерге дал келбеген кээ бир фактылар боюнча көрсөтмө берген экен, тактоо үчүн деп беттештиришти. Мен да бул иштин аягына чыгуусуна кызыкдармын жана талап кылам.

Мен эч нерседен корккон эмесмин, аны бул жерде далилдеп отургум келбейт. Мындан да катуу нерселерди баштан өткөрүп, бычактын кыры менен баскан күндөр болгон. “Эртең бар болосуң, же жок болосуң” деген, бир күндөн кийинки тагдырыңды биле албаган убакта жашаганбыз. Буга ошол кезде органда иштеген адамдар күбө. 2010-жылы 5-апрелде Москвага учуп кеттим. 6-апрелде кайра Бишкекке келип, 7синде Сокулуктагы митингге катышмакмын, пландар ошондой болчу. Жер-жерлердин баарында митинг болуп атпады беле. Анан эле 6-апрелде бардык оппозиция өкүлдөрүн четинен камай башташты. Мага бул жактан телефон чалышып, “Сен Москвадан келбе, ошол жакта кал, бул жакта баарын камап салышты, сен келсең сени да камашат”, – деп айтып атышты. Асия Сасыкбаева да телефон чалып чыркыраган. Ага көнбөдүм, баарын камап атканын угуп туруп 6сында Бишкекти көздөй жолго чыктым. Келгиче учакта ар кандай ойлорго баттым, “үй-бүлөм эмне болот, жакындарым кандай күндү көрүшөт, кайда алып барып өлтүрүшөт, өлүгүбүз табылабы же дайынсыз жоголобузбу?”- деп да ойлодум. Түшөөрүм менен аэропорттон кармашты. Эч качан башымды жерге салып көргөн адам эмесмин. Аттанып чыккандан кийин Жараткан колдойт, анткени ишибиз ак, дилибиз ак. Эгерде ультиматумдук жол менен тирешүүгө барабыз десек, бара беребиз. Кооз сөздү мен да сүйлөйм, менин да тилимден чаң чыгат. Бирок, чечим кабыл алып, жоопкерчиликти алып, баштаган иштин алдында туруу баарынын эле колунан келе бербейт. Мен 7-апрелде Москвадан келип камалдым. Кээ бири ок атылып атканда качып барып жашынып отурган. Ошол эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Аттарын атагым келбейт, бирок бул тарых. УӨдө да ар түрдүү адамдар, ар башка көз караштагылар чогулганбыз. Бизде бир гана кызыкчылык: үй-бүлөлүк бийликке каршы туралы деп сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшүүгө келүү да оңойго турган эмес. 2010-жылы 23-24-мартта Бакиев филармонияда 2000 адам чогултуп “Ынтымак курултайын” өткөргөн. “Классикалык демократиядан жададым, кеңешме демократиясын орнотом” деген. Аны коштоп, колдоого алышып, туура кыласыз дешкен. Кеңешме орган жети адамдан турмак, Курманбек, Жаныш, Марат, Максим Бакиевдер, өкмөт башчы, спикер, Жогорку сот төрагасы. Бардык нерсени ушул жети адам чечип калмак. Кандайдыр бир себептер менен президент ыйгарым укуктарын аткара албай калса жети адам эл менен эсептешип отурбай эле Максим Бакиевди президент кылып шайлап салышмак. Ушуну көрүп туруп чыдай албадык, бириктик. 23-мартта “Ак шумкар” партиясын митингге алып чыккам. Балдарды милиция кызматкерлери чыркыратып сабап баштаганда, мен чуркап баргам: “Аларда күнөө жок, мен уюштургам, мени камагыла”, – деп. Мен качкан эмесмин, аялдын көйнөгүн кийип качкандар болгон, бирөөнүн үйүнө жашынып калгандар болгон. Мына ушундай күндөрдү жашап өткөндөн кийин ультиматум коюудан четтеп, аны чечүү жолдорун издебейлиби. Эл тарабынан президент болуп шайлангандан кийин жаманбы-жакшыбы бийликтин символу катары элге кайрылууга, демилге көтөрүүгө укугу бар. Муну да ойлош керек.

“Конституция өзгөрсө эле жашоо жыргал болуп кетпейт!”

Баш мыйзам боюнча талашта бир кезде кол кармашып, мамлекеттин жоопкерчилигин моюнуна алган 14 адамдан турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул боюнча көз карашын билдирип, аркы жээкке секиргени аркыга, берки жээкте калганы беркиге болуп, кимиси кайсы тарапта экенин аныктап беришти. Ал эми Темир Сариев ачык каршы да чыкпай, каршы эмесмин деп так кесе да айтпай, кырдаалдын эртеңин байкап тургандай. Бул боюнча саясатчыга: “УӨнүн мүчөсү катары бул Конституцияны кабыл алууда сиздин да салымыңыз бар. Башкалар принципке туруп, өзгөртүүгө бербейбиз деп атышат. А сиздин мында активдүүлүгүңүз анча билинбейт го?” – деген суроо узатылды.

– Конституцияны жакшылап окуп чыксаңар, ал өзгөрүп кетсе эле Атамбаев эмдиги жылы бийликтен кеткенден кийин дагы бийликтеги таасирин сактап калат дегенге ишенбей каласыңар. Андай болбойт. Өкмөт башчысында жеткиликтүү ыйгарым укук бар. Өзгөртүү киргизебиз дегендерине каршы эмесмин. Акыркы убактарда дүйнөдө болуп аткан ар кандай окуялардан улам бийликтин вертикалын бекемдөө зарыл. Башка Башмыйзам болсо эле, президенттин же парламенттин функциясы күчөп кетет дегенден алысмын. Өзгөртүү кирген күндө дагы учурдагы Конституциянын конструкциясы одоно, ашепке бузулганын көргөн жокмун. Президент дагы деле эл тарабынан шайланат, чектелүү укуктары бар.

“31-августта айтыла турган сөз эмес болчу”

31-августта, Эгемендүүлүк күнүндө Бишкектин чок ортосундагы аянтта салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн президент куттуктоо кебин арыга таштай салып, оппоненттеринин жоруктарын бирден санап баштаган. Темир Сариев Атамбаевдин да, Текебаевдин да билдирүүсүн колдоого алган жок.

– Бул 31-августта айтыла турган сөз эмес эле. Атамбаев, Отунбаева, Текебаев – баарынын сүйлөгөн сөздөрү бир гана өздөрүнө эмес, бийликке чабылып аткан балка. Бийликтин тамырын кыркып баштаган балка. Элдин бул сөздөрдөн кийин бийликке ишеними кетип атат. Мисалы үй-бүлөнү алалы, бир да үй-бүлө “биз идеалдуубуз” деп айта албайт. Ар бир үйдө өйдө-ылдый болот. Ошонун баарын көчөгө чыгып алып көрүнгөнгө айта берсең, бир айдан кийин кошуналарың сенин үй-бүлөн тууралуу “бул Кудай урган үй-бүлө, чыркырашып эле турушат”,- деп ойлоп башташат. Бийликте да ошондой, унчугуунун да маданияты болот. Мындан кийин келген президентке жакшы үлгү болмой болду, “Атамбаев деле Отунбаеваны айтты эле, мен деле Атамбаевди айта берейин” деши толук мүмкүн.

ххх

Унгар-Тоо маселесиндеги чырга Темир Сариевдин да ысымы аралашкан. Өкмөт башчысы болуп турганда аталган тоодогу телемунараларды башка жакка көчүрүү тапшырмасын Кербен шаардык кеңешине жолдогону ачыкка чыгып, коомчулукта бир ызы-чуу болгон. “Сариев токтомунда Унгар-Тоону коңшу мамлекетке таандык жер катары көрсөттү” деген маалымат бир катар документтер менен басылмаларга жарыяланган. Мурдагы өкмөт башчы андагы маалыматтардын баарын четке какты:

– Унгар-Тоо боюнча өкмөттө 2015-жылы ноябрь айында “Кыргызтелеком”, дагы эки-үч мамкызматтар сунуш кылып, кеңешме өткөн. Ошол убакта биз Өзбекстан колдонуп жүргөн бир катар обьектерди Кыргызстанга кайтаруу чечимин чыгарганбыз, анын ичинде Орто-Токой суу сактагычы да бар. “Унгар-Тоо 2013-жылы Сариев министр болуп турганда өтүп кеткен” деп Бекназаров калп айтып атат, калпычы деп айта албайм, бирок өтө көп калп айтат экен. 2013-жылы тоого коңшу мамлекет десант түшүрүп, эки жума Ала-Бука, Аксы, Чаткал районунун жарымына жете турган телевышканы өчүрүп, басып жатышкан. Ал эми “такталбаган жер” деп айтылып атканы, талаш жер такталбаган болуп айтыла берет. 1955-жылы Кулматов кол койгон жана 2006-жылы чыккан документтерде “жер Өзбекстандыкы деп таанылды” деген маалымат интернет сайттарга чыкты. Кулматов мыкты жетекчи болгон, аны түшүнүү керек. 1955-жылдары СССР күчөп турган кезде, “кайсы бир убакта бул улуу держава чачырап кетет” деп эч кимдин он уктаса да түшүнө кирмек эмес. Бир чоң өлкө болуп турганда сеники-меники болуп чегара коорумай жок болгон. Бирок, негизги нерсе – бул эки документ тең ратификацияланган эмес, башкача айтканда күчүнө кирбеген бойдон калган. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарган” Бекназаров ушул нерсени айтып чыгуу менен утам деп ойлоду окшойт. Аксыга бараарымды билип алып, “элди чогулталы, Сариев качып кетет” деп ойлошкон, качпай эле барып жолуктум. Бекназаровдун бетине “көзүмдү түз караңыз, сизге айта турган сөздөрүм көп, бир эмес эки жолу мүмкүнчүлүгүңүз болду, эмнеге олуттуу маселелерди аягына чыграбадыңыз. Эми популизм менен алектене бербеңиз”,- деп айттым.

“Президенттикке мен дагы даярданып жатам!”

Президенттик шайлоого убакыт жакын калган сайын анын талапкерлеринин катары өсүп бара жатат. Ачык айтып чыгышпаганы менен буга чейин кетирген кемчиликтеринен тазалануу максатында, өзүн актап  тараткан билдирүүсү менен жасаган аракети бир жылдан кийин талапкерлер аренасынан көрүнө турганын тастыктап келет. Темир Сариев да президенттик шайлоого бара турганын жашырган жок.

– Шайлоого даярдык болушу керек. Саясаттан көрүнүп калдык, багытыбызды, өмүрүбүздү саясатка арнадык. 2000-жылы ишкерчиликтен саясатка келип, ошону менен активдуу саясатта жүрөм. Жашым 53тө, дагы 10-15 жыл саясатта жүргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Эмдиги жылы шайлоо катуу болот, ага бардык саясатчылар деле даярданып атышса керек, арасында мен да бармын.

ххх

Кызыктуусу, Акаев менен Бакиев бийликтен 61 жаш курагында бийликтен кетишкен. Роза Отунбаева 61 жашында бийликти Атамбаевге  өткөрүп берсе, Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн аякташына бир жыл калганда 60 жылдык юбилейин белгиледи. Жыйындын катышуучуларынын Темир Сариевдин быйыл 53 жашта экенин эске алышып “Талапкерлердин арасында сиз  2023-жылы 61 жашка чыгат экенсиз. Бул да бир сыр эмеспи”- деген тамаша-чынына саяатчы “Оозуңарга май” деп жооп берди.

Кагазга түшүргөн Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: