Menu

Ош облус башчысы Т. Сарыбашов эл көйгөйүн жеринде угууда!

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл аймагынын Шералы айылында элдик жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди. 

Алгач облус башчысы өлкө аймагында жасалып жаткан жумуштар, Ош облусунун жана Кара-Суу районунун аймагындагы социалдык обьектилердин курулушу жана башка көйгөйлөргө токтолуп аларды чечүү жана аткаруу жолдору туралуу маалымат берди. Андан соң жыйын эл менен суроо жооп иретинде уланды. Жергиликтүү тургундар негизинен таза суу, жол жана суугат суу маселесин айтышты. Ошондой эле мектептин имаратын жаңыдан салуу сунушу айтылды. Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов “Суугат суу маселесине өкмөт өзгөчө көңүл буруп жатат. Быйыл эле өзүңүздөр күбө болдуңуздар бардык каналдар тазаланып элге суу жеткирүү маселеси чечилип баштады. Сиздердин айылдан өткөн канал кыш айындагы оңдоп түзөөгө байланыштуу үч айга суу токтотулса элге суу жеткирүү маселесин чечүү үчүн унаа уюштургула. Силерге алар жеткирип берип турсун. Мен каржылык жардам кылайын. Ал эми жолду оңдоо үчүн айыл өкмөт аракет кылсын. Анткени бул ички жол. Аны айыл өкмөт жеригиликтүү кеңеш депутаттары карап чыгышсын. Мектеп курулушу боюнча. Өкмөт азыр курулушу башталган мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык обьектилерди биринчи бүткөрүүнү колго алып жатат. Анткени ким суранса эле курулушу башталып жарым жартылай токтоп калган обьектилер көп экен. Буюрса сиздерде да мектеп болот”-деди. Айтылган ар бир сунуш пикир жазылып алынып анын үстүндө иш алып барылмай болду. Эске салсак Ош облсунуда 88 айыл өкмөт бар. Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов ар бир айыл өкмөттүн эли менен жер-жерлерде элдик жыйындарды өткөрүүдө. Эң биринчи шарты катаал алыскы Алайкуу аймагынын эли менен жолугушуудан баштаган эле. Элдик жыйындар мындан ары да улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: