Кечээ, 5-октябрда Швецияда качып жүргөн сеператист Кадыржан Батыров “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясына интервью берип, 2010-жылда кандай жол менен Кыргызстандан чыгып кеткенин айтып берди.
Батыровдун айтымында 2010-жылы апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев жана башкалар Кадыржанов Батыровго кайрылып, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек диаспорасы Убактылуу өкмөттү колдоп, митингдерди өткөрүүсүн суранышкан. “Биз эгер Убактылуу өкмөт өзбек тили расмий тил болушун колдосо жана жергиликтүү бийликтерде өзбек жарандарынын квотасын киргизишсе колдойбуз деген шарт менен макулдашып, бир нече митингдерди өткөргөнбүз”, деген Кадыржан Батыров.
Журналисттин “Кыргызстандан кайсы күнү жана кимдин жардамы менен чыгып кеткенсиз?” деген суроосуна “Кыргызстандан Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Алишер Сабировдордун суранычы боюнча 2010-жылы 20-май күнү чыгып кеткемин” деп билдирген.
“Атамбаев менен кандай мамилеңиз болгон?” деген суроосуна Батыров “Атамбаев менен дос болгонбуз” деп жооп берген.
Булак: “Озодлиг”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ