Бийликтин Башмыйзамды өзгөртүү тилегине каршы чыккан УӨ активдүү мүчөсү Эмилбек Каптагаевге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кан кудасы Алиярбек Абжалиевди жөнөтөт, ортомчу кылып. Баягы эле “артка кайтсын, референдумга каршы чыкпасын” ж.б. сунуштар менен. Бакиевдердин кыйынчылыгын башынан далай өткөргөн Эмикең кежирленип, Сокенин ортомчусуна мыйыгынан жылмайып, баштаган ишинен артка кайтпастыгын айтат да, конокту келген жолуна сыпайы жөнөтүп койгону каңкуланууда. Баса, “мени камамакчы болгону жатат” деп куру айгай салган Эдил Байсалов өзүн Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси катары тааныштырып жатканынан улам айрымдар Эмил Каптагаевге “деги кимиңди аппарат башчы катары тааныйбыз?” таризинде собол салышса, Каптагаев таңгалып, Эдил Байсаловго аппаратты башкартуу боюнча буйрук чыкпаганын, ал тек гана кагаз иштерин жөнгө салган, образдуу айтканда кагаз ташыгыч катары иштеп келгендигин кыйыткан. Кимисине ишеништи билбей калдык го?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ