Бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын чоң залында “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайы болуп өттү. Курултайды саясый оппозиция, элдик патриоттук күчтөр, жарандык сектор жана жаштар кыймылдары биригип уюштурушкан. Жыйынга ар кандай эксперттердин эсебинде 300 дөн 600гө чейин делегаттар катышкандыгы айтылды. Курултайга Равшан Жээнбеков, Кадыр Кошалиев, Адил Турдукулов, Рита Карасартова, Элмира Ибраимова, Динара Ошурахунова, Чолпон Жакупова, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Өмүрбек Текебаев, Нурбек Токтакунов, Алманбет Шыкмаматов жана башка ондогон белгилүү саясатчылар менен катар Кыргызстандын 7 облусунан келген делегаттар катышты. Жыйындын катышуучулары бүгүнкү Атамбаевдик бийликтин саясый жана экономикалык жактан банкрот болгонун, анын натыйжасында мындан ары өз коопсуздугун камсыз кылуу максатында конституцияны өзгөртүүгө барып жатканын белгилешип, өлкөнүн прогрессивдүү күчтөрүн биригүүгө жана Атамбаевдик өз билемдикти токтотууга чакырышты.
Фотолор Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ