Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 8-декабрда белгиленчү Конституция күнүнө карата соттолгондорго мунапыс берүүнү сунуштады.
Өзбекстандын Жогору палатасынын 10-октябрда өткөн жыйынында аялдарды, 18 жашка чыга электе кылмыш кылып камалгандарды, 60 жаштан өткөн эркектерди, чет өлкөлүк жарандарды жана майып болгондорду абактан бошотуу тууралуу сөз болгон.
Парламенттин жыйынтыктоочу чечими 12-октябрда белгилүү болот.
Бул өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийинки биринчи мунапыс. Өзбекстанда буга чейинки мунапыстар Конституция майрамына бир нече күн калганда берилип келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ