Menu

“Кытайчыл” министр…

Бөлүшүү:

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы КРнын Транспорт министри Замирбек  Айдаровду убактылуу кызматтан четтетүүнү өкмөт башчыга сунуш кылды. Себеби учурда министрдин минип жүргөн “Лексус-570” маркасындагы кызматтык унаасы расмий түрдө “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” кытайлык жол куруу компаниясына таандык экен. Албетте, бул мамлекеттик кызматкердин этикасына дагы, кызматтык абалына дагы каршы келе турган көрүнүш. Себеби аталган кытай компаниясы акыркы жылдары Кыргызстандагы ири жол курулуштары боюнча тендерди катары менен жеңип келе жаткан, учурда дагы Бишкек-Кара-Балта автожолун курууга катышып жаткан компания. Демек бул жерде бир сыр бар. Балким аталган компания Транспорт министрлигин колго алып, ушундай акыркы үлгүдөгү жолтандабастарды тартуулоо менен маселе  чечип жүргөн болбосун? Же болбосо илгери Курманбек Бакиевдин учурундагы парламентке белекке берилип, кийин ичинде сыртка сигнал берүүчү атайын аппараты бар камералар сыяктуу аталган унаа да тыңшагыч, үн жаздыргыч, тасма тарткыч аппараттар менен жабдылып, министрдин сырын сыртка чыгарып жаткан болсочу? Эмнеси болсо дагы фракция демилгелегендей, бул окуя тыкыр кызматтык иликтөөгө алынышы керек. Анын үстүнө министрдин шоопурунун унааны сүрөткө тарткан министрликтин байкоочу кеңешинин мүчөсүн опузага алганы бекер эмес да…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: