Menu

Бакыт Осмонканов, актер, режиссер: “Тасманын тарбиялык мааниси зор”

Бөлүшүү:

Аталышы– “План Б”

Тартылган жылы-2016-жыл

Тартылган өлкө– Кыргызстан

Режиссер-Бакыт Осмонканов

Жанр-үй-бүлөлүк комедия

Убактысы-100 мүнөт

Башкы ролдордо-Бакыт Осмонканов, Улук Чыналиев, Айжан Аденова

-Тасманын тарых таржымалын айтып берсеңиз?

– Кино тармагында “План Б” тасмабыз 4-тажрыйбабыз. Биринчи “Сүйгөнүмдүн каарманы”, “Биртууганчик” андан кийин “Напарниктер” тасмасын жарыкка чыгарганбыз. Алгачкы 2 тасмабызды атайын сценарий жаздыртып тарткан болсок, андан кийинки тасмаларыбызга Жеңиш Майрамбек уулу экөөбүз сценарийди өзүбүз жазып тарттык. Тасманы тартуунун идеясы жалпы чыгармачылык топко таандык. Бардыгыбыз кеңешип, изилдеп, сурамжылап, коомчулуктагы эң актуалдуу теманы алдык. Тасманы 5 ай ичинде тартып, 6-октябрдан тарта эл назарына салдык. Учурда Бишкек шаарынын бардык кинотеатрларында, Ош облусунун эки кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат. Ал эми башка региондордо жакынкы убактарда көрсөтүлө баштайт.

 – Баш каармандардын ролун кимдер ойноду жана актерлорду кандай жол менен тандап алдыңар?

– Баш каармандардын бирин өзүм ойнодум. Андан сырткары Улук Чыналиев жана Айжан Аденова аттуу жаш таланттуулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшү. Айжан Аденова буга чейин “Жарайт Сити” теле долбоорунда актерлук чеберчилигин көрсөтүп жүргөн болсо, Улук Чыналиев КВН командаларынын мыкты оюнчусу болчу. Кээ бир актерлорду кастинг, жарыя аркылуу тандап алдык. Андан сырткары тасмадан улуу муундагы профессионал мыкты актер, актрисаларды дагы көрө аласыздар.

 – Тасмада кандай окуя чагылдырылган? Кыскача айтып өтсөңүз?

– Тасмада жаш бизнесмендер туурасында окуя чагылдырылган. Көптү көрбөгөн бизнесмен ишин алдыга жылдырыш үчүн акча же демөөрчү издеп, акыр аягы демөөрчү табат. Бирок ал демөөрчү үй-бүлөсү бар адамдар менен гана иштешээрин айтып бир талап коет. Ал талапка жооп бериш үчүн эки жигит калп айтып, тасманын кызыгы ошол калп айтуудан кийин башталат.

 – Бул тасмаңыздын буга чейинки тарткан тасмалардан айырмасы эмнеде?

– Эң биринчи айырмасы актерлордун көптүгү. Тасманы көрсөңүздөр бул айырмачылыкты сөзсүз байкайсыздар. Себеби буга чейин 4-5 гана каарманды башкы бетке чыгарган болсок, азыркы тасмабызда улуу муун, кичүү муун дебей ар бири өзүнүн миссиясын аткарышты. Экинчи айырмачылык, буга чейин Жеңиш Майрамбек уулу башкы ролдорду ойноп жүргөн болсо, бул жолкусунда эпизоддо роль жаратса дагы эң күлкүлүү учурларды чагылдырып берди. Ал эми үчүнчү айырмачылык мен-мен деген кыргыз маданиятынын дөө-шаалары, башкача айтканда профессионал, эмгек сиңирген актер, актрисалар тасманын көркүн ачып беришти.

 -Тасма тартуунун негизги максаты эмне?

– Негизги максат азыркы заманда карьера менен алышып, акчанын артынан чуркап үй-бүлө, дос, тууган, таанышты унут кеткендер көп. Мына ошол мекендештерибиздин үй-бүлө эң кымбат, эң ыйык экенин эсине салып, алардан алыстабай, унутпай, жакшы көрүп жанында жүрүшүн кааладык. Андан сырткары кыргыздардын түндүк-түштүк болуп бөлүнүүсүн, мекенин таштап бөлөк өлкөгө кетишин, жакындарга болгон сый-урматын күлкү иретинде чагылдырып, андайга жол бербөөгө багыт көрсөтүүгө аракет кылдык.

 – Чыгармачылык топтун көпчүлүгү КВН оюнчулары экен. Тартуу учурунда күлкүгө мас болгон күндөр болбой койбосо керек?

– Албетте, өзүңүздөр баамдагандай, күлкү өнөрпоздору бар жерде ар дайым күлкү жаңырып турат эмеспи. Чындыгында 5 ай убакыт ичинде аябагандай активдүү иш алып бардык. Буга бирден-бир себеп, чыгармачылык топтун ар дайым позитивдүү маанайда жүрүшү болду. Тартуу учурунда болсун, тамактануу учурунда болсун же эс алуу учурунда болсун бири-бирибизди күлдүрүп, көптөгөн кызыктуу учурларга туш болдук. Азыр алардын баарын эстесем дагы бир тасма жаралчудай.

 – Эл назарына коюлгандан бери кандай сын-пикирлерди угуп жатасыздар?

– Буюрса тасманын эл назарына коюлганына бүгүн 5 күн болот. Бул күндөрү көргөн элден жалаң гана жакшы сын-пикирлерди угуп жатабыз. Тасма тартуу боюнча түшүнүгү бар адамдар тартуу иштери боюнча, тарбиялык мааниси зор экенин баса белгилеп жатышат. Бул биздин чыгармачылык топ үчүн өтө кубаныч жана чоң жетишкендик.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: