Menu

Самидин кары Атабаев: «Аялзаты баланы тарбиялоодо ата-мекенди сүйүүгө үйрөтүүсү зарыл!”

Бөлүшүү:

Мындай пикирин Ош облусунун казысы Самидин кары бүгүн Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Ыйман” фонду тарабынан уюштурулган аялдар менен болгон семинарда билдирди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган семинарга Ыйман фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу, Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов, “Мутакалим” уюмунун өкүлү Жамила Жапашова, райондук администрациянын өкүлдөрү жана райондогу жашоочу аялдар катышышты.   Семинардын жүрүшүндө алгач президиум мүчөлөрү сөз сүйлөшүп, иш-чаранын максаты катары илим талап кылган аялдардын туура илим алуусуна жол көрсөтүп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү маселелерине токтолушту.  Андан соң Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында баян жасап, өз сөзүндө аялдардын коомдогу орду келечек муундун өсүп жетилүүсүндө чоң таалим берүүчү мектеп экендиги менен өзгөчөлөнүп тургандыгын белгилеп, аялдардын өз балдарына тарбия берүүсүндө пайдалуу илими болуусуна шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары баланы тарбиялоодо ата-мекенге болгон сүйүүнү арттыруусу жана терс көрүнүштөрдөн алдын алууга үйрөтүүсү айтылды. Ал эми “Мутакалим” уюмунун өкүлү Жамила Жапашова улуттар арасындагы ынтымак жана биримдик темасына басым жасап, аялдар диний илимден сырткары психология жана педагогика сабактарын да өздөштүрүүсү зарыл экендигине токтолду.

Семинардын соңунда аялдардын окуусуна шарты бар мечиттерде окуу иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.

Эскерте кетсек, аталган семинар «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Улуттук маданият, илим жана дин» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: