Menu

Европа бирлиги республикалык бюджетти колдоо багытында 36 млн евро гранттык каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун рефармалоого контракт» программасы боюнча Финансалык макулдашуну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

«Билим берүү секторун реформалоого контракт» программасы билим берүү тармагын реформалоо жана анын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Гранттык каражат билим берүү мекемелеринин, анын ичинде мектеп-интернаттар менен балдарды багуу боюнча өзгөчө мекемелердин муктаждыктары үчүн колдонулат.

Бул багытта Европа биримдиги 2016-2018-жылдарга 36 млн евро гранттык каражат караганы белгилүү болду. Анын ичинде 30 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жумшалат, ал эми 6 млн евро программаны ишке ашыруу үчүн техникалык жардам болуп саналат.

Бул каражат адегенде республикалык бюджетке чегерилип, андан соӊ билим берүү тармагына которулат. Каражат мектепке чейинки мекемелерди жана жалпы билим берүү мектептерин өнүктүрүүгө жумшала турганы белгилүү болду. Бюджеттен заманбап жаӊычыл технологияларды киргизүү үчүн 100 млн сом бөлүнөт.

Талкуу жүрүшүндө жеӊилдетилген насыялар менен гранттык каражаттарды алууда техникалык жардам бөлүгүнө өтө эле көп каражат каралып жатканы белгиленди. Алынган каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу, программаны ишке ашыруу жүрүмүнө жергиликтүү адистерди көбүрөөк тартуу сунуштары берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: