Menu

Милиция сойкулар мененби?

Бөлүшүү:

Кечээ НТС телеканалына белгисиз адамдар сырдуу тасманын көчүрмөсүн таштап кеткен экен, каналдын жамааты ал тасманы комментарийсиз “ТВ Кайгуул” көрсөтүүсүнөн коомчулукка жарыялап жиберди. Анда Бишкек шаарындагы милиция бөлүмдөрүнүн биринин начальниги кол алдындагыларга кызматтык кабинетинен катуу эскертүү берип жатканы чагылдырылган. Тагыраагы, тасмада опурулган башчы кол алдындагыларга карап “Эй, болгону 35 эле сутенерша бар, мага өчөшкөнсүп кайра-кайра кармайсыңар. Телефондоруңарды өчүрүп коюп мага кыйын болосуңар. Эй, мен канча айтам, ошолорго тийбей эле койгула деп, эмне кармайсыңар” – деп опурулуп, “Эми кызматыбыз ошол да” – деген милиционерди сүйлөтпөй жатканы так, даана чагылдырылган. Демек бул окуяны ошол жерде катышкан карапайым, бирок патриот, сойкуларды коргоп чөнтөгүн пулга толтурган начальниктердин жоругуна чыдабаган бир кызматкер түшүрүп алган. Ошондуктан тасмадан кийин ИИМ чаңызгып, ошол абийирди айрандай төккөн кызматкерди куугунтукка алып, ким билет сойкулардын мафиясынын күчү, акчасы менен майып кылып коюшу да ыктымал.

А биз болсо министр Кашкар Жунушалиевге түз суроо узаталы деп жатабыз. Урматтуу министр, Бишкекти ушинтип сойкулардан тазаламак болгон турбайсыңарбы, ээ? Андай эмес десеңиз сойкуларды калкалап, милициянын аброюна көө жапкан кызматкериңизге чара көрүңүз. Болбосо бул мандемдүү иштин башында сизди турат деп коомчулук ойлоп калат.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: