Menu

Министрлер эмес, шоопурлар көпкөн заманбы?

Бөлүшүү:

Коргоо комитетинде өлкөнүн тарыхында буга чейин катталбаган, адамдын үрөйүн учурчу окуя катталды. Комитет жетекчиси генерал-майор Марат Кенжесариевдин айдоочусу ОПГ өкүлдөрүнө АК-74 маркасындагы үч даана Калашников автоматын пулдап жаткан жеринен колго түшүп берди. Армияны жетектеген генералды нары-бери зуулдатып ташып жүргөн неменин үйүнөн да мыйзамсыз курал-жарактар, ок-дарылар табылып жатканы нени таңуулайт? Деги бул ишке генералдын аралаштыгы жокпу? Жогор жактан кимдир бирөө көзөмөлдөбөсө, шоопур адам өзү билип эле армияга тийешелүү болгон автоматтарды сатууга духу жетип, кайдан жол тапты? Берилчү суроо көп, бирок жооп жок. Коргоо комитетинин жетекчисинин шоопуру курал сатып жаткан жеринен колго түшсө, жол министри Замирбек Айдаровдун айдоочусу болсо шефинин жол тандабасын сүрөткө тартып алганы үчүн байкоочу кеңештин мүчөсүнө кол көтөрүп, колундагы телефонун жулуп алып жатса, министр болгондон көрө анын шоопуру болуу артыкпы деген ой жаралбай койбойт. Замирбек Айдаровдун өзү коррупцияга жол бергени боюнча шек жаратып, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун курган кытайлык China Road and Bridge Corporation деген компаниясынан кар көчкү менен жер көчкүдө калып калбайын деген максат менен Lexus LX570 үлгүсүндөгү жол тандабасты “сурап” алып, минип жүргөнү, министрдин ишинин таза экенинен күмөн жаратары бышык да. “Өнүгүүнүн” атасы Бакыт Төрөбаев да Бишкек- Манас аэропорту, Бишкек-Кара-Балта жолдору боюнча териштирүү жүргүзүү керек экенин, министрди кызматтан бошотуп туруу зарылдыгын көтөрдү. Айдаров деле жолго бөлүнгөн тыйындын артынан айдалат окшоп калды.

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: