Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата өлкөгө эмгеги сиңген бир катар жарандарга 11-октябрда сыйлыктар ыйгарылды. Албетте сыйлык кандай критерий менен өлчөнүп тапшырылды деген маселе өзүнчө чоң сөз. Биздин айтайын дегенибиз, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун “Даңк” медалынын алышы далайдын оозун Ошту каратты. Дегенибиз, президент 2010-жылдагы мародерлук боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү табуу боюнча буйрук берип иликтөө иштери жүрүп жатканда Нышановдун сыйлык алышынын өзү парадокс. Анткени 2010-жылдагы революциядан кийин мамлекетке кайтарылган Максим Бакиевдин БНК май куюучу станцияларын дал ушул Сайдулла башкарып, кийин аны 3 миллион долларга сатышып, андан соң кайра 39 миллион долларга Россиялык “Росснефт” компаниясына сатышып, ортодо мамлекетти 36 миллион долларга сызга отургузушкан. Бул деген талап-тоноочулук деген эле сөз да. Мындай махинациянын башында БНКны башкарган дал ушул Нышанов турган. Анан мамлекетке түшчү каражатты будамалап суук колун салган немеге казынаны кагып алган көз боемочулугу үчүн сыйлык берилгени кантип акылга сыйсын? Чыныгы шермендечилик ушул эмеспи?..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ