Menu

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо, жиберүү жана кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын  жергиликтүү сотторунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Алмаз Атамбаевге судьялык кызматтарга талапкерлер сунушталды:

– КР Жогорку сотунун судьялык кызматына 2 жаңы талапкерлер боюнча;

– жергиликтүү сотторго: Нарын жана Ош облустук сотторуна (1 адамдан), Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык сотторуна (1 адамдан) Ала-Бука (2 адам), Базар-Коргон (1 адам) жана Токтогул (2 адам) райсотторуна, Ош облусунун Ноокен, Чон-Алай жана Алай (1 адамдан) райсотторуна, Чүй облусунун Жайыл райсотуна (2 адам) – бардыгы 15 талапкер.

2017-жылдын 2-февралында Алмаз Атамбаев талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешти. Анын жыйынтыктарын жана кошумча алынган материаларды эске алуу менен Алмаз Атамбаев  КР Жогорку сотунун судьялык кызматына 1 талапкер  боюнча жана КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына 11 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы КР Жогорку сотунун судьялык кызматына 1 талапкер  боюнча жана КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына 4 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Мындан ары КР Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү “КР судьяларынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

КР жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер боюнча Алмаз Атамбаев 2 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурста тандалган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Абдрахманов Жолон Жалалович;

Майлуу-Суу шаардык сотуна:

Турмаматов Муратали Курсаналиевич;

Таш-Көмүр шаардык сотуна:

 Бектемиров Куралбек Абдималикович;

Базар-Коргон райондук сотуна:

Каримова Жыпар Кудайбердиевна;

Токтогул райондук сотуна:

Бегимбаева Аида Алыбековна;

Солпуева Назира Мукамендиева;

Ноокен райондук сотуна;

Осмонов Тарасбек Сапарбекович;

Чоң-Алай райондук сотуна:

Абдрахманов Рахманаалы Аширалиевич;

Алай райондук сотуна:

Касымов Шухратбек Таирович;

Жайыл райондук сотуна :

Акылбекова Джамиля Дилдебековна;

Арзыбекова Жылдыз Ийгиликовна.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: