Базар-Коргон районунун Арсланбаб айыл аймагында Кызыл-Октябрь айылындагы 2016-жылдын 16-октябрында саат 09:40 чамасында Базар-Коргон –Арсланбаб унаа жолунун 8-чакырымында “Жигули” үлгүсүндөгү мамлекттик № О 429Е К96 Россия Федерациясына караштуу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып жарга түшүп кеткен. Натыйжада, жеринде 3 адам каза болгон.
Жол кырсыгы катталган жерге КР ӨКМнин Ноокен райондук 55-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарышкан. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ