Menu

Кытайдан алган карыздар Кыргызстандын түбүнө жетпейби?

Бөлүшүү:

Ондогон азаматтардын өмүрүн жалмаган төңкөрүштүн акыбети кайтпай, кыргыздын шору шорподой кайнап, азабы андан бетер артылып турган кез. Алардын миңин айтпай, бирине токтолсок, өлкөбүздүн сырткы карызы күн санап өсүп, ооз толтурган суммасы ай-асманды чапчып баратат. Тактап айтсак, быйылкы жылдын эсеп-кысабы боюнча биздин мойнубузга илинген олчойгон карыздын көлөмү 4,5 миллиард доллардан ашып, ички дүң өндүрүмдүн жарымына чейин жетти. Бул көйгөй жакынкы жылдары мамлекеттин экономикасында эң чоң катастрофалык абалды түзүшү ыктымал, бул биринчиси.

Экинчиси, биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызы 2 миллиард долларга жакындады. Каржы министринин сөзү менен так белгилесек, Кыргызстандын Кытай өлкөсүнө болгон карызы 1 миллиард 800 миллион доллардан ашыптыр. Албетте, бул олчойгон сумманы жыйырма беш жылдан бери “Ак терек жана көк терек” оюну менен мамлекетти алмак-салмак башкарган жетекчилер алып, карызды жалпы кыргыздын мойнуна илип коюшту. Мындан элибиз качан жана кантип кутулаары азырынча белгисиз. Айтор, кендири кесилип турган чак.

Кызыгы, эларалык “S&P Global Ratings” аттуу рейтинг агенствосу кытай банктарындагы капиталындын “тешигин” эсептеп, көлөмү 1,7 триллион долларга жеткенин жазып чыкты. Сөздү кыскарта чаап, ток этээрин айтканда, бизге кайырмак таштап, чоң карызга батырып жаткан Кытай банктарынын абалы өтө эле чатак. Жакынкы эки, үч жылдын аралыгында толугу менен кризиске батып, карызды такыр кайтара албай калган чекке жеткени турат, муну эларалык уюмдар ачык билдирди. Демек, эбегейсиз экономикалык катастрофа “дүрт” этсе, анын залакасы түздөн түз бизге дагы тиет, анткени, 1,8 миллиард доллар карызды кытайдын банктарынан алганбыз.

Эми кептин жыйынтыгына келсек, ар бир инсандын башына: “Бул кытайлар өздөрү карыз болсо, анан эмне себептен бизге чоң суммаларды берип жатат” деген өтө кооптуу суроо туулат. Албетте, анын жандырмагы азыр кытайларга гана маалым. Биздин чочулаганыбыз, айла-амал менен берилген карыздын куну эртең Чубактыкындай чубалып, кесепети кыргыз мамлекетинин пайдубалына сокку болуп тийбейби?

Каганат

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: