Menu

Эгиздерге турмушка чыккысы келбеген Алина, Мадина Такеновалар

Бөлүшүү:

Алина, Мадина Такеновалар 1992-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2кг 500 гр болуп бирдей салмакта алгач Алина, анан 10 мүнөткө жетпей Мадина төрөлгөн. УЗИге түшүп уулдуу болоорун билишкен жаш ата-эне күтпөгөн жерден эгиз кыздуу болушканына бир чети сүйүнүшсө, бир чети таң калышкан. Кыздары чоңоюп эс тартып калганда бактылуу ата-эне 3 эм уулдуу болушкан. Учурда Алина турмуш жолуна аттанса, Мадина  карьерасын өнүктүрүү менен алек.

Өзгөчөлүктөрү

Алинанын бетинде меңдери көп болсо, Мадинанын мүнөзү Алинаныкынан бир аз жоошураак. Бирок экөөнө айырмачылыгы жоктой сезилет. Эгиз кыздар бири-биринен алыстап, жалгыз калуудан абдан коркушат. Буга чейин бир гана жолу бир жумадай жалгыз жүрүшүп, көрүшкөндөн кийин бири-бирине мындан кийин мен сенсиз эч жерге барбайм деп сөз беришкен.

Дос, курдаш

Алина менен Мадина бала кезинен баштап эле эгиз балдардын курчоосунда чоңоюшкан. Мисалы мектеп босогосун атташканда Мунара, Чынара аттуу кыздар менен бирге окушса, кийин колледжге тапшырганда да Нурайым, Бегайым аттуу кыздар менен достошушкан.

Эгиз балдарга турмушка чыкпайбыз

“Жалгыз калуудан коркобуз” – деген кыздар эгиз балдар менен сүйлөшүп, кийин турмуш курууга кызыгышпайт экен. Себеби адамдардын аларга болгон көз карашы, кыйынчылыгы көп жага бербейт. Алар үчүн эгизи жок адамдардын жашоосу өтө кызык. Бирок экөө тең кийин эгиз балалуу болсок деп кыялданышат.

Эркелик

Чоң ата, чоң энесинин тун неберелери төрөлгөндөн тартып 8-класска чейин бапестеп тарбияланып, аябай эрке чоңоюшкан. Ошондуктан от жагып, нан жаап, уй саап дегендей айыл жумуштарына өтө жакын эмес. Бирок азыр ата-энесин, бир туугандарынын бир сөзүн эки кылбай бардык жумуштун майын чыгара жасаганга аракет кылышат.

Өнөр

Мектепте окуп жүргөн кездеринде эле коомдук иштерге активдүү катышып, ыр-бийге жакын болушкандыктан, кийин ээрчишип алып бий мектебине барып бийдин ар кандай түрлөрүн үйрөнүшкөн.

Сүйүнүч

Алина менен Мадина 6 жашка чыкканда 3 эгиз инилүү болушкан. Ошол күндөгү сүйүнүчтү жашыра алышпай: “Өзүбүз дагы эгиз болуп, апам дагы 3 эгиз төрөсө элдин баары эле эгиз төрөсө керек деп ойлочубуз. Ал эми эгиздер чанда гана кездешээрин кийин гана билдик. Эсибизде ошондо Майрам Акаева үйгө келип бизди куттуктап, үй белек кылган.  Эгер апам дагы төрөсө бизге окшош эгиз кыздар болсо экен” – дешти кубанычтары жүздөрүнө батпай.

Эң кызыгы

Кичине кездеринде бири-бирине абдан окшош болгондуктан ата-энеси да айырмалай албай калышчу. Азыр деле аттарын алмаштырып айта беришет. Колледжде окуп жүргөн кездеринде экөө эки группага бөлүнүп, сессия учурунда экөөнүн темалары бирдей, бирок мугалимдери башка болгондуктан, ким биринчи модуль тапшырып жакшы баа алып чыкса, экинчи күнү экинчисиникине кирип жооп берген күндөрү болгон. Дагы бир жолу Алина көчөдө кетип бара жатса артынан бир бала келип Мадина номериңди берчи деп артынан калбай үйүнө чейин ээрчип барган. Андан сырткары көбүнчө бир маалда ооруп, бирге каткырып, бирдей кыймыл-аракеттери менен башкаларды таң калдырышат.

 Венера Тургуналиева, Алина, Мадинанын апасы: “Эгиз эмес, жалгыз бир баланы багыш оңой эмес”

– Венера эже, эгиз кыздуу болооруңузду алдына ала билгенсизби?

– Жок, билген эмесмин. Мен 19 жашымда жолдошум Нурдинге турмушка чыгып, 20 жашымда кыздарымды төрөдүм. Боюмда бар кезде көбүнчө жашылчаларга талгак болуп жүрүп, УЗИге түшсөм “уул” деп айтышкан. Жолдошум экөөбүз сүйүнүп уул күтүп жүрүп эгиз кыздуу болгондо бир чети кубансак, бир чети таң калганбыз.

– Кыздарыңыздын аттарын ким койгон?

– Нурдиндин эң кичүү карындашы Гүлсара биринчи “Адина, Мадина” деп коюшуп, эртеси күнү унутуп калып Алина, Мадина деп жаздырып коюшкан.

– Алина, Мадинадан кийин дагы үч эгиз балдарыңыз бар экен. Негизи кайсы тараптын канында эгиздер бар?

– Нурдин тарапта да, мен тарапта да эгиздер бар. Кыздарым 6 жашка чыгып калганда Борис, Азамат, Амангелди аттуу 3 эгиз уулдуу болдук. Аларды 3 айлык боюмда бар кезде эле эгиз экенин билгем. Төрөгөндөн кийин Майрам Акаева жардам берип, борборубуздан 3 бөлмөлүү үй белекке беришкен. Азыр ошол үйдө жашайбыз.

– Балдарыңыздын бири-биринен өзгөчөлүгү барбы?

– Балдарымдын мүнөзү үч башкача өзгөрүлүп турат. Кээде жоош, кээде тентек. Борис биринчи төрөлгөндүктөн баары бир чоңдук кылып экөөнү урушуп коет. Бирок бирөө ооруса, үчөө тең ооруйт. Ошондуктан үчөөнө тең кыйнап дары берип, азыркыга чейин ден соолуктарына кам көрүп турам. Ал эми Алина, Мадинаны төрөгөндө жолдошум экөөбүз студент болгондуктан, бизди тыңып алышсын деп чоң ата, чоң энеси алып калышкан. Дем алыш сайын барып турчубуз. Бирок ошентсе дагы кыздарымды айырмалай албай жүрдүм. Кийин өзүбүздүн колубузга келгенде өзгөчөлүктөрүн байкагам. Азыр Алина шуулдап, ар дайым жаркылдап жүрсө, Мадина бир мүнөздө, бир калыпта жүрөт.

– Эгиз балдарды багыш оңой эмес да. Көп кыйынчылыктар менен чоңойтсоңуздар керек?

– Албетте эгиз эмес, жалгыз бир баланы багыш оңой эмес да. Кыздарымды 3 айга чейин эмиздим. Андан кийин тойгуза албай кошумча сүт, ботко жасап берип чоңойттук. Ал эми уулдарымдын абалы өтө оор болчу. Кудайга шүгүр, туугандарыбыздын, Майрам Акаева, мээримдүү дарыгерлердин жардамы менен чоңойтуп алдык.

– Болочоктогу күйөө балдарыңыздын, келиндериңиздин дагы эгиз болушун каалайсызбы?

– Мен деле кыздарымдын балдарымдын келечегин көп ойлоп, бири-биринен алыс болушун каалабайм. Себеби эгиз деген биринин абалын экинчиси жан дүйнөсү, жүрөгү менен сезип кайгырса кайгырып, сүйүнсө сүйүнүп турат экен да. Анан кыздарым менен келиндерим эгиз болуп, бир үй-бүлөдө жашаса кандай керемет. Бирок бардыгы кудайдын буйругунан экен, жакында эле эгиз кыздарымдын бири Алина турмушка чыкты. Күйөө баламдын эгизи жок.  Буюрса Мадинамдын дагы турмуш курчу убагы али алдыда. Эң башкысы балдарымдын баары аман-эсен, бактылуу болушса болду.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: