Menu

Бабырбек Жээнбековдон президент Алмаз Атамбаевге ачык кат

Бөлүшүү:

А Л Г Ы    С Ѳ З

Эки жарым жылдан бери саясаттан оолактап, «кыбыраган кыр ашат» болуп майда-барат күнүмдүк иштер, кыйбас адамдарымдын укуктук кѳйгѳйлѳрүн чечүү менен алектенип, ѳз арбайымды ѳзүм согуп, карапайым, алпейим, караламан калктын арасында, кѳчтүн карасында жүрүп калдым эле. Саясатка  кан-жини менен аралашып, анын сормо сазына баш-оту менен кирип, «оппозициялык күчтѳрдүн» «кылыч шилтеп, жаа тартып, найза сайчуларынын» ана башчыларынын алдыңкы сабында уулум жүргѳндѳн кийин «ата-бала тизгин талашпайлычы»-деп ѳз демимди ѳзүм басып, «кимисине болбосун калыс кебимди айтып, калбааттыкты карманайын»- деген ойго токтогом. «Аша чаппагыла, каттуу кетпегиле»- дегенди азыр деле оң кѳрүп турам.

Экинчиден, ѳзүн-ѳзү сыйлаган ар бир адам эл менен, элдик пикир менен эсептешпей, аларды кулак сыртынан кетирүүгѳ укугу жок. Бул оомал-тѳкмѳл дүйнѳдѳ элге анча-мынча тѳбѳсү кѳрүнүп калган адамдын айткан ар бир сѳзү, жасаган ар бир иши, таштаган ар бир изи элдин элегинде, журттун таразасында болот. Бирѳѳ билип айтса, бирѳѳ билбей туруп божомол-дѳдѳмѳлдѳп сого берээрин, бир ит кѳрүп үрсѳ, башка бир ит аны жандай салып ажылдап чыгаарын кѳрүп-билип жүрсѳм да «кечээ эле ѳкмѳттѳ жүргѳндѳ оозуна талкан куюп алгансып унчукпай жүрдү эле. Бүгүн кайрадан кызмат керек болуп калган го, бүткүл адамзаттын акылын чымчыктыкындай мээсине жыйнап алгансып сайрап калыптыр»-деген ажылдактардын айың кебинен алысыраак болоюн дегем.

Ойлоп отурсам ошол ажылдактардын бири дагы «кой, калыс сѳзүбүздү айталы. Ушул бечара иштеп турганда мамлекет, ѳкмѳт жетекчилерине жаман кѳрүнгѳнүнѳ карабай электр энергиясына тарифти кѳтѳртпѳйм, «Манас» аэропортундагы алешемдиктерге жол бербейм, «Роснефть» кыргыз рыногуна мыйзамсыз кирип жатат,  Кара-Балта спирт заводун атайылап банкроттукка алып баратышканын тоттотурам, түрк компаниясы «Пегасустун» монополист болуусуна жол бербейм, байланыш операторлорунун элден алдап алган 5 сомун жоем деп, дагы толгон-токой маселелерди кѳтѳрүп, кѳрүнгѳн менен кызыл-чеке болуп жүрбѳдү беле»- деп айтпайт экен. Кѳрсѳ биз адамдын жасаган жакшы иштерин эмес, кемчиликтерин санаганды жакшы кѳрѳт экенбиз.

Кандай болгон күндѳ дагы бүгүн айрым маселелер боюнча коңгуроо кагып, мамлекет башчынын тикелей ѳзүнѳ кайрылуунун учуру да, ыңгайы да, шарты да келип турат. Анда эмесе…

 Б И Р И Н Ч И   К А Т

Мейли сенин ашып-ташсын байлыгың,

Бийлик үчүн башты деле сай бүгүн.

Жарайсыңбы, бирок, үнүн укканга,

Ѳлкѳнү кой, кичинекей айлыңын.

(Т.Бекболотов.)

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Ѳткѳндѳ Сиз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилген жаңы имараттын ачылышына барып, сүйлѳгѳн сѳзүңүздѳ Президент болуп турган беш жылдын ичинде 300дѳн ашык адамды сот кылып дайындаганыңызды, бүгүнкү күндѳ алардын бирѳѳсү гана Сиздин ишеничиңизди актабай, «ит болуп» кармалгандыгын, калгандарынын бардыгы таза, татынакай  иштеп жаткандыгын, демек сот реформасы оңунан  чыккандыгын айтып, сотторду мындан ары да ушундай темп менен иштѳѳгѳ чакырып кеттиңиз.

Ошол жерде турган соттор дагы, башкалар дагы дүркүрѳтѳ кол чабышты. Мамлекет башчысы ѳзү келип, алардын ишине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары дагы ушул жүрүшү менен иштѳѳсүн  суранып жатса соттор менен кошоматчылар кол чаппаганда, ошол жерде отурган-турган карѳзгѳй соттордун жосунсуз жоруктарынан кан тамырым кѳтѳрүлүп, үйүмдѳ телевизорду тиктеп отурган мен кол чапмак белем? Же кѳрүнѳѳ турган фактыларды кѳмүскѳгѳ жымырып, Кыргыз мыйзамдарын буйлалаган тѳѳгѳ айланткан, ѳкүм-чечимдерин жымсалдата соккон соттордун азабын тартып бүтпѳгѳн каратаман эл чабабы?

Сиз «сот реформасы»-деп айткан сѳзүңүзгѳ ѳзүңүз ишенесизби? Сиздин айлана-тегерегиңизде аткошчуларыңыздын кѳп экендигин, бирок акылкошчулардын жок экендигин мен жакшы эле билем. Мына ошолордун кѳбүртүп-жабыртып берген маалыматтарын Сиз Жогорку соттун залынан туруп алып бүтүндѳй кыргызстандыктарга жеткирип салдыңыз. Бүгүн эл Сиздин сѳздѳрүңүзгѳ кандайча баа берип жаткандыгы тууралуу бир кызыгып кѳрдүңүзбү? Мен мыйыгымдан гана жымыйып койдум.

Бир кездеги мамилеси жакын, аздыр-кѳптүр сырдаш болуп жүргѳн Бабыр акеңиз катары ачыгын айтайын-сот системасы бүгүнкү күндѳ оңолуу жолуна түшпѳй эле, омурткасы сынган ѳгүздѳй очорулуп отуруп калды. Кайсыл сотко барба башаламандык, мыйзам талаптарына түкүрүүчүлүк, соттук креслого отуруп-отурбай жатып менменсинип-кекирейүүчүлүк, иштерди айлап эмес жылдап сүйрѳп былгытуу, ѳкүм-чечимдердин  грамматикалык сабатсыздыгы кѳнүмүш кѳрүнүшкѳ, азаптуу адатка айланды. Кээде аларды окугандан да уяласың, сотко баргандан заарканасың.

Мен бүгүнкү сот системасынан кынтык издеп жаткан жокмун. Кынтык, майда-чүйдѳ кемчиликтер «баары ойдогудай» деген жерде деле кокустук иретинде кезигиши, ал гана эмес орун алышы да мүмкүн экендигин мен жакшы түшүнѳм.

Мен бул  ачык катым менен сот системасында орун-очок алган, тамыры тереңдеп кеткен башаламандыктын, текеберчиликтин, сабатсыздыктын, мыйзам талаптарын зордуктоочулуктун, жоопкерсиздиктин кашкайган системасы жѳнүндѳгү маселени кѳтѳрүп жатам.

Мүмкүн Сиз менин айткандарымды жеке кѳрүнүш катары кабыл аларсыз. Андай болсо Сиз үчүн да, Сиздин айлана-тегерегиңиздеги аткошчуларыңыз үчүн да, дегеле кыргыз бийлиги, анын бедели үчүн да жагымсыз абал түзүлүп калат. Себеби, бүгүн коомчулук эки тарап болуп тирешип турган Конституциянын 94-беренесинде «судьялар кѳз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет»-деп жазылган. Эгерде менин уулум Равшандын аты аталган эле иштердин түптүз, сопсонун баратып эле орто жолдон (областтык соттон) же жогорку чектен (жогорку соттон) бүдѳмүктѳп туруп, «буйткага» түшүп кеткенине бүйүр кызытпай, сабырдуулук менен карасак «саясий куугунтук» деген түшүнүк өзүнөн-өзү жаралаарын мен деле, Сиз деле жакшы түшүнѳбүз. Ортодо «Президент ѳзүнүн аппаратына, алар болсо сотторго түздѳн-түз кѳрсѳтмѳ берип, оппозиционер Равшанды «жайлап» жатат»-деген коомдук пикир калыптанат.

Жеке мен ѳзүм антип ойлобойм жана андай ойлордон алысмын. Бул жана башка маселелер боюнча сиздин аппарат жетекчиңиз Фарид Ниязов экѳѳбүздүн ой-пикирлерибиз деле бир жерден чыккандай болду.

Ошондуктан, сот системасында түзүлгѳн опурталдуу, жапайы системаны азыртадан оңдоп-түзѳп албасак, эртең ал калың калктын шорун шорподой кайнатчу абалга жетип калды.

Эки колум менен жакамды кармап, мен анчалык мани бербесем да Сиз ишенген Кудайга тооба келтирип айтайын: ушундай темп менен ишти уланта берүүгѳ Сиз чакырык таштаган сотторду К.Бакиевдин учурунда деле кѳрүп, азабын далай тарттык эле. Бирок, мынчалык «бѳтѳнзордукка» (Ш.Дүйшеев), аксымдыкка, мыйзамды зордуктоочулукка барганын кѳргѳн эмес экенмин.

Эгерде менин айткандарым бирин-экин болсо жеке кѳрүнүш катары кѳңүл бурбай деле коймокмун. Сизге деле кадырымды салып, бүтүндѳй кыргыз элине коңгуроо кагып, ачык кат менен да кайрылбайт элем. Тилекке каршы, алар бирин-экин болбой жатпайбы Сиз менин журналистикага ооп кеткен юрист экенимди жакшы билесиз. 2010-жылы бир сүйлѳшүп отурганда «дипломуңузду алып келиңизчи. Прокурорлукту караштырып кѳрѳлү»-деген сѳзүңүз дале эсимде. Бирок насилимде кызматка жулунбаган жаным Сиздин ал сѳзүңүздү деле кулак сыртынан кетирип койдум эле. Бүгүн бир сѳздүн ыгы келип турат окшойт, айтып калайын-мага берген, элге кылган кызматыңыз ошол болсун, сот, прокуратура органдарынын тизгинин тартып, мыйзам жолунан тайгандарды орду-ордуна коюп, бул системаларды тартипке салып койбосоңуз караламан калк качанга чейин карап, чыдап отура берет…

Дегеним, кыйбас адамдарымдын иштери менен алектенип жүрүп Бишкек шаарынын райондор аралык, Ленин, Биринчи май, Октябрь, Ысык-Кѳл областынын Ысык-Кѳл райондук, областтык, Кыргыз Республикасынын сода-ѳндүрүш палатасынын алдындагы эл аралык бейтарып (третейский) сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, анын алдындагы Конституциялык палатасынын жасаган «иштерин» ичкериден кѳрүп, аларга ѳзүм күбѳ болуп, манчыраган соттордон «үч кѳчкѳн журттай» кѳңүлүм калып, ырасын айтсам аларды ушундай кѳпкѳнчүлүккѳ алып келген Алмазбек Атамбаевди да сѳккѳн учурларым болду.

Сотко катышуучу тараптарды ѳзүнүн аныктамасы менен бир күнгѳ чакырып коюп, анан кызыккан тараптын «кытырагынын» аркасында ѳзүнүн аныктамасын танып, «мен силерди кече күнкүгѳ чакыргам»-деп ишти уламдан-улам жылдырып, алты айдан бери ар кандай шылтоолор менен карабай келаткан судьяны кѳрдүм.

Соттук отурумда сенин айткан сѳздѳрүңдү ѳзүнѳ ылайыктап бурмалап жазып, мыйзамга эмес,  ѳзүнѳ жаккандай чечим чыгарган судьяны жолуктурдум.

Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамынын 62-беренесиндеги күрөөгө коюлган үй менчик ээсинин жалгыз үйү болсо андай талаштарды сот органдары гана чечээрин көрсөткөн талапка карабастан «бөтөнзордукка» салып бирөөнүн жалгыз үйүн коммерциялык банкка тартып берген бейтарап соттун арбитри менен да жаман-жакшы айтыштым.

Бардыгы эле беттерин тултуйтуп турушуп «билгениңди кылып ал»-деп өзүңдү сөгүп чыгарышат. Анан, айла кеткенден улам «билгенимди кылып» Сиздин наамыңызга ушул ачык катты жазып баштадым.

Бирок, булардын «жоруктары» Ысык-Кѳл областтык сотунун тѳрагасы А.К.Молдакуновдун, анын орун басары А.А.Досмамбетовдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тѳрайым орунбасары А.Базаралиеванын, судьялары Б.Акматов менен Б.Аманалиеванын жосундарынын жанында шоона эшпей калчудай. Буларыңызга (Сизге таандык кылып айтканымдын себеби, Сиз ѳзүңүз «аларды мен дайындагам» деп жатпайсызбы) маркум акын досум Тургунбек Бекболотовдун тѳмѳнкү тѳрт сап ыры куп жарашат экен:

Эзилтип казы-карта, жал жесеңер,

«Эл деген ээрчиме бир мал»-десеңер,

Эч кимди кѳзүңѳргѳ илбей жүрүп,

Эсирип кеттиңер ээ, даңгеселер.

«Кыргыз тилинин сѳздүгү», (1-том 398-бет. Бишкек-2011) китебинде «даңгесе»-«жалкоо» деген түшүнүктү берет экен. Жасаган иштерине карата баа берсек буларды мыйзамдын денесине жабышып алып, анын канын соруп жаткан мите курт, мыйзамды зордуктаган кылмышкер катары кароого туура келет. Булар соттордун кѳз карандысыздыгына таянып алып, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган кылмышкерлер экендигин ѳздѳрү тастыктап берип отурушат. Ошондуктан, булардын жасаган иштерине, б.а. чыгарган чечимдерине саясий-укуктук баа берип, судьялык кызматтарынан көчүккө тээп айдап чыгып, кылмыш ишин козгосо кудайын тааныбай калган башка судьяларга да чоң сабак болот эле. Ошого күчүңүз, эркиңиз жетеби? Далилдерин мен таап берейин.

Болбосо, кайсы мыйзамды туу туткан сот  жасалма экендиги архивдик документтер менен далилденип турган, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы №501-токтомуна түп-тамырынан каршы келген айыл ѳкмѳтүнүн токтомун жарактуу деп, ѳздѳрүнүн мурда чыгарган аныктамасы менен токтомунда менчик укугун жокко чыгарган адамдын менчик укугун кайра таанып (нонсенс), ага мүлктү сатууга укук берүүгѳ бара алат?

Айрым адамдардын «ээ, кызыктар али алдыда-деген сѳздѳрүнѳ кол шилтеп, «койсоңорчу. Алардын эмне, эки башы бар дейсиңерби»…деп жактырган эмес элем. Кѳрсѳ алардын чындап эле эки башы бар окшобойбу, урматтуу Алмазбек Шаршенович! А мүмкүн буларыңыз баягы ѳзүңүз  айтып жүрчү үч баштуу дракондордон болуп жүрбѳсүң? Андай болсо ѳзүңүз эптеп чара кѳрүп, жалмаңдаган артыкбаш эки башын эртерээк чаап түшпѳсѳңүз болбойт го, кыргыз мыйзамдарынын баарын жайлап, кыргыз бүткѳндѳрдүн эле эмес, атпай кыргызстандыктардын баарынын ашмалтайын чыгара электе.

Ошол эле убакта, Башкы прокуратура жакка да кѳз кырыңызды бир салып коюуңузду суранам элем. Себеби, Ысык-Кѳл областтык прокуратурасы дагы аш бышым учурунда эле бүтүрѳ койчу ишти үч жылга жакын убакыттан бери созуп эле келатат, созуп эле келатат. Кѳрсѳ, аларыңыз деле эмчегинен сүт чыкпай калып, наристесин упчу менен «эмдеген» бечара келиндердей шордуу же «кытырактан» катыра жеп, кычырап отурган немелер окшойт.

Сиз сот менен прокурорлорду мактап-жактаганыңызды койбойсуз, буларыңыз болсо Сизди калың элдин наалатына кактаганын койбойт. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир силкинип коюңузчу. Прокурорлоруңуз «кайсы жерден тыйын чыгат»?-деп акактабай кылмышкерлерди издесин, сотторуңуз болсо рейдерлерди кожосундай колдобой, мыйзамга ылайык сот ишин жүргүзсүн.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Мен ушул жазган ар бир сѳзүм үчүн жооп берүүгө, аларды документтер менен коштоп, далилдеп берүүгө даярмын. Ѳзүңүзгө жолуксам айтчу сөз көп эле, бирок  эшик кайтаруучуларыңыз өткөрбөйт. Аргасыздан ачык кат менен кайрылып жатам.

Жойпуланма сот, прокурорлоруңуз адатынча Сиздин башыңызды айлантып,мени калпычы кылып, «иттен чыгарып» койбосун үчүн менин катымды карап чыгууну акыл-эси ордунда, калыстыктан тайбаган жооптуу  бир кызматкериңизге  дайындасаңыз. Керектүү документтерди, фактыларды мен таап берейин. Ошентип,  чындыкты чогуу издеп көрбөйлүбү?

Сөзүмдү Т.Бекболотовдун төрт куплет ыры менен бүтүргүм келип турат. Адабиятка жакын, сезимтал кишисиз. Намысыңыз ойгонуп, бир силкинип аларсыз.

Түнөрбө, түтөп-күйүп чычаладай,

Сабыр кыл, сөзүмдү ук чычалабай.

Жалгандын жан жыргатар жагымы бар,

А чындык ачуу болот күчаладай.

****

Ким айтса сөзүн ээрчип көчө бербе,

Тагдырды шашып чала чече көрбө.

Жалганды төрүбүздө тайраңдатып,

А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө.

                        ****

Күрөштүн түбү көр оокат үчүн элеби?

Ал үчүн башты саюунун барбы кереги?

Буулуп тили, таңылып көзү чындыктын,

Чыркырап эле жеңилип жүрө береби?

                         ****

Кагуу жегин, мейли тил ук, бозоргун,

Бул турмушта болуу керек өз ордуң.

Мылжыйган бир мококтуктан арылып,

Ээрчимелик сезимдерден бошонгун.

Кайсы күнү тик карасаң Чындыкка,

Ѳзүң үчүн майрам болот ошол күн.

               Урматтоо менен,

                     Баягы эле Бабыр акеңиз Жээнбеков

Менин телефонум 0-770-83-10-83.  18.10.2016-жыл.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: