Menu

Акыл Акунов, полковник: “Убактылуу Өкмөт ээрге олтурганда эле кыйшык олтурган”

Бөлүшүү:

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери эле бийликке келгендердин эрмеги баш мыйзам болду да калды. Себеби “учук саптай  албаган ийнеден көрөт” же “кыз боозуп энесин коркутат” дегендей же кайран эл ийнесинен көрөрдү билбей же энесинен көрөрдү билбей баштары адаттагыдай айлануунун үстүндө. Референдум болсун дейли, анда Конституция деген китептин ичинде кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин эл кантип билет.

Эгерде конституциянын өзгөртүүгө киргизген конкреттүү бир беренеси болсо бир жөн, аны окуп аа ушул туура же туура эмес (ооба же жок) дегидей. Бүгүнкү кырдаалды 2010-жыл менен салыштырууга болобу, ал мезгилде парламент тарап кеткен же болбосо амбицияга алдырбай парламентти таратпай туруп Баш мыйзамды оңдоп түздөп алып, андан кийин анан парламентти таратыш керек эле, эми убактылуу өкмөттүн экинчи жолу шайланган депутаттарынын көзү ачылып оңдойлу деп жатабы же Текебаев автор болгон конституцияны Ажо чанып атабы айтор эмнеси болсо да жөнөкөй логика болуш керек да, Конституцияны кеп кылардан мурда. Эми тактап айтсак бул Референдумга алып чыгып жаткан ва­риант деле кыргыз элин бейишке алып бара турган вариант эмес аны деле бир же эки жылдан кийин «бул Атамбаевдин варианты болчу ал өзүнө ылайыктап жазып алган» – деп Ажонун камчысын чаап жүргөндөр чыкпайт деп ким кепилдик берет.

Референдум боло турган болсо анда ага бир гана маселе коюлушу керек, «Конститу­цияны өзгөртөлүбү же өзгөртпөйлүбү” – деп, ал эми калганын, конституциянын ичиндеги ар бир беренени парламент коомчулуктун өкүлдөрү менен окмуштууларды кошуп алып кылдаттык менен иштеп чыгыш керек. Бүгүнкүдөй айрым алабарман алып сатарлар чогулуп алып, “ураа биз жактырдык, эми Референдум өткөрөбүз”- деп элге салып коюшу эч жакшы ж йынтык бербейт экенин бир нече жолу көрбөдүк беле. Эгерде бийлик чындыгын билгилери келсе ошол алып сатарлары ме­нен ала чапан жамынып колуна таяк таянып алып элди аралап келсе ошондо көздөрү ачылаар беле ким билет. Ал эми кабинетте олтурган ажону айланасында кошоматчы мыйзам дегендин «м» тамгасын түшүнбөгөн журналист, шоопурлар элди дүрбөлөңгө сала берери турган иш. Эгерде конституцияны өзгөртүп толуктай турган болсок анда аны түп тамырынан бери кайра өзгөртүүгө туура келет. Маселен бийликтин үч бутагы деп конституцияда турса анын экөөнү эл шайлап, анан бир бутагын тандап алганыбыз кандай.

Тандап алабыз деген сөз бийликтин бир бута­гы болгон сотторго тиешелүү болуп жатат, мына балээнин баары ушул’ жерден башталып жатат, бул сотторду тандоо кеңеши соттордун арык же семизине карап тандайбы же ырдатып, манас айттырып тандайбы аны өзүлөрү эле билип майчиевче май чайнап тандагандан эч нерсе чыкпаганын эл көрүп жерге түкүрүп жүрүшпөйбү. Демек сот реформасы ишке ашкан жок жана кийинки вариант менен деле соттордон эл күткөн адилеттүүлүк болоруна эч кимдин көзү жетпейт. Себеби сотторду эл тандабай эле партиялар, тандагычтар тандап калышса анда анын эмнеси үчүнчү бийлик. Эгерде чыныгы демократия орнотобуз деген реформаторлор болсо, чыныгы адилеттүүлүк мамлекетте керек деген инсан болсо конституцияга сотторду эл түбөлүккө шайлайт деген өзгөртүү киргизмек. Ошондо соттор кайсы күнү бизди ары -бери түрткүлөйт дебей сот деген бийликти ыйык тутуп элдин тагдырын калыс болуп чечүүгө толук мүмкүнчүлүк болот эле.

Ал эми аларды рота­ция кылыш керекпи же жокпу деп конституцияга жазып алыштын кандай зарылчылыгы бар, анда Жогорку сот жана Соттор кеңеши эмне кылат. Тоталитардык мамлекеттик түзүлүш болчу деген со­циализм доорунда дагы демократия бар экен, алар дагы сотторду жалпы элдик шайлоо жолу менен чечип алышчу, азыркыдай партиялар узурпация жасап алып муну өткөзөсүң аны өткөзбөйсүң дешпей, элдин тандоосуна коюшканы адилеттүүлүк болор эле. Конституциянын баш­ка беренелерине көңүл бурсак деле эл ута турган жери жок экен, кайра эле баягы кара таман эл алданып кала бере турган. Бир шайлоо компаниясы үчүн канчалаган акча каражаты кетет, ага кеткен акча каражатын пенсия, пособияга кошуп койсо ошол элге жардам болбойбу.

Бийликтегилер курсагы тойгондо эле Баш мыйзамга жабышып алганы эч кимге түшүнүксүз же эптеп элди алагды кылгылары келеби же убакытты чоюштун максатыбы же элге ким ак, ким кара экенин көрсөткүлөрү келеби иши кылып «алай-дүлөй будуң чаң» ак-үй, көк үйдө. Убактылуу өкмөт ээрге отурганда эле кыйшык отурган аны эл айтса уккулары келбей ийгиликтен баштары айланып, чамгарактап жүрүшүп коллапска жолукмак, бирок оңдоп алууга мүмкүнчүлүк бар Убактылуу өкмөт өз ара компромиске барышса эптеп бир жылга чыдашы мүмкүн, бирок бул деле бүгүн кризистен чыгуунун убакты­луу жолу болуш керк.

Эмесе жарандык коомдун конституцияга өзгөртүү киргизе турган эң жакшы сунуштары бар, ал мурун деле бо­луп келген ошолордун баарын чогултуп туруп жогорудагы айтылгандарды эске алып анан Референдумга барса болмок. Маселен парламеттик шайлоо мезгилинде инибиз Ө. Бабанов менин партиямды шайласаңар биз аткаруу башкаруу бийлигин бир кылып өкмөттү же президентти калтырабыз бир апаратты кыскартабыз ошондо оптимизация болуп канчалаган акча каражаттарын үнөмдөйт элек деп сайрап жүрбөдү беле бүгүн ал ырдын бирөө да жок, мүмкүн ажо уча табакты сага тартам деп койгонбу айтор сөзүнүн дайыны жоктой алаңдап бир жыл тезирээк өтсө экен деп Ажого чай сунуп жүрөбү ким билет.

Мындан көрө Ажо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып менин деле ден соолугум жакшы болбой жатат деп ордуна ууру эмес, ниети пейли дурусураак адамдардан бирди көрсөтүп Б.Ельцин сыяктуу акырын жылып кетсе кыргыз элинин алкышына татыйт эле деп ойлойм. Бүгүнкүдөй эл аралык кырдаал бо­луп көрбөгөндөй курчуп бара жатканын эске алсак биздин жазган Баш мыйзамдардын эч кимге пайдасы тийбей да калышы мүмкүн урматтуу билермандар. Андан көрө АКШнын баскынчылык саясатына каршы эгемендүү мамлекет болуп оңдонуп дүйнөлүк үчүнчү согушту болтурбоо максатында өзүбүздүн калыс сөзүбүздү айтсак жакшы болмок.

Акунов Акыл Мукашович, милициянын полковниги, ардагер

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: