Menu

Н. Назарбаев: “Биздин ортобузда эч кандай чечилбеген маселе болбош керек”

Бөлүшүү:

Боордош, дос, тууган дегенибиз менен кошуна Казахстан өз аймагына өткөн кыргыз жарандарын далай эле азапка салып келүүдө. Мисалы, ЕАЭБге киргенибиз менен башканы кой, Алматынын базарына картошкасын алпарган кыргыз дыйкандарынан тиешелүү салыктан тышкары рэкеттери өз “үлүшүн” алып турушат. Ал эми беш күндөн ашык жүрүп калсаң административдик жазага тартылчусуң. Ушул жумада Астанага барган ТИМ жетекчиси Э.Абдылдаев жагымдуу кабар менен кайтты. Тышкы иштер министрлеринин  жолугушуусунун жыйынтыгында эки өлкөнүн аймагында жарандардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу боюнча келишимге кол коюлду. Эми бул келишимди эки өлкө парламенттери жактырган соң жарандар коңшу мамлекеттин аймагында каттоосуз бир айга чейин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле Э.Абдылдаевди президент Н. Назарбаев да кабыл алып, “биздин ортобузда эч кандай чечилбеген маселе болбош керек”,- деди. Эми баурдастар сөзүнө туруп, бир айдан бери бууп салган интернет булагын ачып, чек арада ашкере текшерген бюрократиялык мамилесин да оңдосо, чындап достук мамилебиз көркүнө чыгат эле. Антпесе орто жолдо карапайым элге эле кыйын болууда.

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: